Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:14

Израилдин аскерлери бүгүн Батыш жээкте үч палестинди атып өлтүрүп, университеттерди жаап салышты


ИЕРУСАЛИМ. Израилдин аскерлери бүгүн Иордандын батыш жээгиндеги чөлкөмдөрдө үч палестинди өлтүрүп, жөөттөргө жасалган кол салууларга тийешеси бар деп шектелген палестиндердин үйлөрүн курчоого алышты. Түлкарим качкындар лагеринде болгон ок атышууда израилдик аскерлердин огунан палестиналык эки боз улан набыт болду. Ошону менен бирге жөөт аскерлеринин палестин согушкерлерин колго түшүрүү операциясынын учурунда кыштактардын биринде бир палестин окко учту. Израилдик аскерлер, ошондой эле, ушул айда жасалган террордук чабуулга жооп кайтарып, палестин университеттерин жаап салышты. Хеброндо аскерлер ислам университетин жана политехникалык университетти курчоого алышты. Таш ыргытып, айбат көрсөткөн студенттерге жөөт аскерлери желим октор менен жооп кайтарышты.

XS
SM
MD
LG