Чехия парламентиндеги шаршемби күнкү добуш берүү үч айлампадан өткөрүлдү. Өлкө парламентинин эки палатасын кошкондо 281 депутат бар. Чехиянын мыйзамдарына ылайык, президент болуп шайланыш үчүн мамлекет башчылыгына көргөзүлгөн талапкер жөнөкөй көпчүлүк добушка, же башкача айтканда 142 депутаттын колдоосуна ээ болуш керек. Шайлоонун биринчи этабында президенттикке көргөзүлгөн төрт талапкердин бири да жогорудагы көпчүлүк добушту камсыз кыла алган жок. Шайлоонун экинчи жана үчүнчү айлампасында Чехиянын Граждандык-демократиялык партиясынын лидери, өлкөнүн мурдагы премьер- министри Вацлав Клаус менен чех парламентинин жогорку палатасынын, же Сенаттын төрагасы, Христиан-демократиялык партиянын талапкери Петр Питхарт атаандашты. Добуш берүүнүн биринчи айлампасында алардын катарында Социал–демократиялык партиянын талапкери, мурдагы юстиция министри Ярослав Буреш менен Коммунисттик партиянын талапкери, адвокат Мирослав Криженецкий бар эле.
Добуш берүүнүн экинчи айлампасында мурдагы премьер -министр Вацлав Клаус 109 добушка ээ болсо, Сенаттын төрагасы Петр Питхартты 89 депутат колдоду. Ал эми 83 парламентарий эки талапкерди тең колдогон эмес. Шайлоонун үчүнчү айлампасында да ушундай эле көрүнүш сакталды. Вацлав Клаус 113, Петр Питхард 84 добуш алып, дагы 84 шайлоо бюллетени жараксыз болгон.
Эми Чехиянын келерки мамлекет башчысын аныкташ үчүн кайра шайлоо өткөрүлөт. Ал эң көп дегенде 30 күн аралыгында болушу керек. Баяндамачылар белгилеп жаткандай, шайлоонун жаңы этабында мамлекет башчылыгы үчүн атаандашкандардын арасында Чехиянын мурдагы премьер–министри Милош Земан да болот. Земан өкмөт башчылыгында былтыр июнда болгон парламенттик шайлоого чейин турган. Эгер мамлекет башчысы мында да шайланбай калса өлкөнүн Негизги Мыйзамына өзгөртүү киргизилип, президентти жалпы элдин шайлоосуна жол ачылышы мүмкүн.
Чехия президенттигине талапкерлердин бири Вацлав Клаус азыркы шайлоонун маанисин жогору баалайт:
-Чехословакиянын же Чехия Республикасынын тарыхында биринчи ирээт бир нече талапкер президенттик үчүн атаандашууда. Биринчи жолу шайлоонун жыйынтыгы күн мурунтан чечилген жок. Биринчи жолу бул көп да, аз да эмес –символикалуу шайлоо.
Ошентип, чехиялык саясатчылардын айрымдары багын эми сынап жатса, Чыгыш Европа коммунизмден демократияга өткөнүнүн символу болгон саясатчылардын бири катары эсептелген Вацлав Гавел чоң саясаттан оолактаганы турат. Анын кызмат мөөнөтү 2-февралда бүтөт. Азыр 66га келген Гавел 80-жылдардын соңунда Чехияда «жибек революция» деп атыккан саясий жараяндардын аркасы менен Чехословакиянын президенти болуп, алгач 1989-жылдын 29-декабрында шайланган эле. 1992- жылдын 3- июлунда Чехославакия эки өлкөгө бөлүнөөр алдында кызматынан кетип, кайра 93-жылдын 26-январында Словакияны курамынан чыгарган Чехия республикасынын президенти болуп калды. Ал эми 1998-жылдын 20-январында Чехиянын президенттигине экинчи мөөнөткө шайланды.15-январда парламентте сүйлөгөн сөзүндө Васлав Гавел мындай деди:
- Мен колдон келгендин баарын жасадым. Менимче, кээ бир иштер ийгиликтүү болду, айрымдары ишке ашпай калды. Менин ордумду баалоо - өзүмдүн эмес, коомчулуктун, саясатчылардын, журналисттердин, саясат таануучулардын жана тарыхчылардын иши.
Айтор, президенттик кызматта Вацлав Гавелдин мураскору болууга талаптанып жаткан чехиялык саясатчылардын кимиси мамлекет башчылыгына келбесин - алар аркалай турган милдет бир. Чехиянын жаңы президентинин алдында өз өлкөсүнүн Европага толук интеграцияланышын камсыз кылуу вазийпасы турат. Чехия он өлкөнүн катарында Европа Биримдигине 2004-жылдын жазында кириши керек.