БЕЛГРАД. Югославия Сербиянын мурдагы президенти Милан Милютинович БУУнун Гаагадагы трибуналына өткөрүлүп бериле турганын билдирди. Югославиянын “Блик” деген күндөлүк гезити Милютинович сотко барууга макул болгонун жазып чыкты. Сот Милютиновичти 1999- жылы косоволук албандарга каршы аскердик чабулдарда “геноцидге жол берген” деп күнөөлөп жатат. 1997-жылдан баштап 2002-жылдын декабрь айына чейин Сербиянын президенти болгон Милютинович Косоводогу согуш кылмыштарына тиешеси жок экенин айтып келген.
Югославиянын тышкы иштер министри Свиланович, Милютиновичтин ден-соолук акыбалына байланыштуу сот аны процесс башталганга чейин камакка албасына үмүттөнүп жатканын билдирет. Акыркы жылдары Милютиновичтин жүрөгүнө эки операция жасалган.