Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:45

Кыргызстанга атайын маркасы жок ташылып келген бардык дары-дармектер жараксыз деп табылат.


Бу маалыматты финансы министрлигине караштуу бажы департаментинин кирешелер комитетинен 17-январда ырасташты. Бул ишке бажы департаменти көзөмөл жүргүзөт. Бөлүмдүн маалыматына караганда, марка чаптоо тартиби Кыргызстандын аймагына арбын ташылып келип жаткан сапатсыз дары-дармектерге бөгөт коюу максатында 1-январдан баштап күчүнө кирет. Бирок ушул эле күнү Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Молдоташев мындай чечимге каршылыгын билдирди.Анын пикири боюнча, марка киргизүү өкмөткө олуттуу пайда алып келбейт, аткезчиликти көбөйтөт жана дары кутучасындагы пайдалануу эрежелерин марка жаап салат. Кошумчалап койчу жагы, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны 10-декабрда кабыл алган «Салык Кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор» жөнүндөгү мыйзамга ылайык дары-дармек товарлары кошумча нарк салыгынан толук бошотулган. Кыргызстандын калкы пайдаланган дарылардын 97 % тыштан ташылып келинет. Акыркы статистикалык маалыматтар боюнча, пайдаланылып жаткан дарылардын 15 % жасалма.

XS
SM
MD
LG