Түркиянын айтымында, эгер Иракка аскерий сокку уруу тууралуу чечимди Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши кабыл алса дагы, Түркия ага чектелген деңгээлде гана катыша алат. Президенттин басма сөз катчысы Тажан Илден 17-январда жасаган билдирүүгө караганда, Түркия Ирак менен эзелтен бери кошуна мамиледе, андан тышкары, согушка жигердүү катышуу чечимин Түрк парламентинин бекитиши күмөн.