Алар Ооганстандын батышындагы провинцияда аялдардын билим алуусуна киргизилген чектөөлөрдү иликтейт.Жакында Гераттын губернатору Исмаил Хан "исламга каршы келет" деген жүйөөдөн улам эркек мугалимдердин кыз-келиндерге сабак берүүсүнө тыю салган.Ошондой эле Гераттын губернаторунун чечимине ылайык ,эркектер окуган имараттарда кыз-келиндердин билим алуусуна жол берилбейт.БУУнун Ооганстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Маноел де Алмейда Силванын айтымында ,жогорудагыдай эрежелер аялдардын билим алуу , мугалимдердин иштөө укуктарына каршы келет. Гератка жиберилген топ провинциянын бийликтери менен сүйлөшүү өткөрмөкчү.
БУУнун адам укуктары маселесин тейлеген адистер тобу Ооганстандын Герат провинциясына жөнөтүлдү.