БУУнун Женевада жайгашкан Адам укуктары комиссиясынын жыл сайын алмашып туруучу төрагалыгын Ливия бир жылга өткөрүп алмакчы. 53 өлкө кирген бул комиссия жыл сайын жыйын өткөрүп, укук бузууларды талдайт жана келерки жылдын милдеттерин аныктайт. Ливияны төрагалыкка Африкалык биримдик деп аталган аймактык уюм көрсөткөн. Дүйнө жүзүндөгү беш аймак төраганы оолакташып дайындашат. Ошону менен, үстүбүздөгү жылы комиссияны куду бүгүн Ирак, Түндүк Корея сыңарында, 20-кылымдын 80-жылдарында Америка менен таймашып турган полковник Каддафинин өлкөсү башкарат.
АКШнын Мамлекеттик Департаментинин маалымат катчысы Ричард Баучер Ливиянын укук бузуулары көпчүлүккө жакшы маалым экенин эскертип, ушул жумада Кошмо Штаттар маселени добушка салууга аракет кылаарын билдирди.
- Мурдатан комиссиянын төрагасы ар дайым акылдашуу жолу менен тандалчу. Быйыл Кошмо Штаттар шайлоо өткөрүүнү сунуш кылат.
Кабарларга караганда, Ливияны төрагалыктан сүрүп чыгуу аракетинен натыйжа болоору күмөн. Бирок АКШнын каршылыгы ынтымакка доо кетирүүдө. Канада, мисалы, Кошмо Штаттарга кошулуп, Ливияга каршы добуш берүүгө нийеттенип жатат.
Ливиянын тышкы иштер министри Абдел-Рахман Шалкам Баучердин сөзүнө жооп кайтарып, Вашингтондун талапкерге каршы чыгууга укугу жок экендигин эскертти. Министрдин "Ливия адам укуктары эмне экенин Кошмо Штаттарынан сурабайт" деген сөзүн Ассошиэйтед Пресс агенттиги таркатты.
Ливиянын төрагалыгына каршы чыккандардын арасында укук коргоочу уюмдар да бар. Жоанна Шелчер - Эл аралык Хюман Райтс Уотч уюумунун өкүлү:
- Бул - бетке чиркөө болчу чечим. Биз Ливиянын тандалышына өтө нааразы болдук.
Шелчердин айтымында, Ливияда адам укуктары өтө начар абалда. Бир нече жылдардан бери обочолонуп жашаган өлкөдө сөз эркиндиги жок, соттун көз карандысыздыгы кепилденген эмес, саясий диссиденттер дайынсыз жоголот, айыпкерлерди уруп-сабап, кыйноо токтой элек. Хюман Райтс Уотчтун соңку отчетунда Ливиянын өкмөтү өз оппоненттерин айып койбостон же соттобостон бир нече жылдар бою абакта кармаары ашкереленет. Ошондой эле өлкөдө саясий партия же көз карандысыз уюм түзүүгө тыйуу салынганы маалымдалат.
Буга караганда, Ливия укук бузуулардын эң өтүшкөн формаларына жол берген өлкө, эми аны дүйнөлүк укук коргоочу башкы комиссиянын кеңсесин жетектөө кызматына иргөө – карышкырга кой кайтартканга тете эмеспи!
Айтор, Ливиянын төрагалыгы БУУнун адам укуктары комиссиясынын аброюна көлөкө түшүрөөрү күмөн туудурбайт, бирок бул чечимди өзгөргүүгө БУУнун да, АКШнын да кудурети жетпейт. Анын үстүнө, БУУнун атын атабоону өтүнгөн өкүлү белгилегендей, Ливия бир жыл ичинде комиссиянын ишин ойрон кылып деле жибербейт болуш керек.