Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:03

БИР ТОП МАМЛЕКЕТ ИРАК СОГУШУНА КАРШЫ


Нарын АЙЫП, Прага 20-январда Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши Ирак маселесин талкуулады жана кеңештин кээ бир туруктуу мүчөлөрү Багдадка каршы аскерий аракет көрүүгө каршы чыкты. Анткен менен Америка Кошмо Штаттары жана Улуу Британия Перс булуңуна кошумча аскер жиберип, согушка даярданууда.

191 өлкөдөн турган Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине 15 мамлекет мүчө болуп кирет, алардын бешөө туруктуу мүчө, калгандары мезгил-мезгили менен алмашылып турат. Туруктуу мүчөлүккө жана вето укугуна - өзөктүк куралы бар Америка Кошмо Штаттары, Кытай, Орусия, Улуу Британия жана Франция ээ. 20-январ күнү Коопсуздук Кеңеши эл аралык терроризм маселесин талкуулаган, бирок жарыш сөз учурунда Ирак маселеси да козголуп, кеңеш мүчөлөрүнүн ортосунда бул проблема боюнча бир пикир жок экени ачыкка чыкты.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин айтымында, Коопсуздук Кеңеши Ирак маселеси боюнча катуу турууга тийиш: "Өзүнүн канчалык опурталдуу абалда экенин Ирак эмгиче түшүнбөйт, ошондуктан, Бириккен Улуттардын жана дүйнөлүк коомчулуктун пикирине каршы чыгуу канчалык коркунучтуу экендигин биз ага түшүндүрүүгө тийишпиз".

Бирок Франция жана Коопсуздук Кеңешине 1-январдан тартып мүчө болгон Алмания согуш баштоого каршы чыкты. Немис тышкы иштер министри Йошка Фишердин айтымында, Алмания андай согушка катышпайт: "Алмания аскерий аракеттерге катышпайт, анткени биз Коопсуздук Кеңешинин резолюциясынын аткарылышын эл аралык инспекторлордун корутундусуна гана негизделгенин каалайбыз".

Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вильпендин айтымында болсо, аскерий чабуул баштоого азырынча эч кандай негиз жок: "Иракты тынчтык жолу менен куралсыздандыруу канчалык мүмкүн болгон соң, биз маселени ого бетер курчутуп, карапайым адамдардын жана аскерлердин өмүрүн алып кетиши мүмкүн болгон жана аймактагы стабилдүүлүктү бузушу ыктымал болгон чарага барбаш керекпиз. Элдер жана маданияттар арасындагы ажырым андан ого бетер тереңдеши мүмкүн жана эл аралык терроризмге да жем ташталат".

Франция өкүлдөрүнүн айтымында, эгер Коопсуздук Кеңешинде Иракка каршы согуш баштоо тууралуу чечим кабыл алынса, Франция ага вето салышы мүмкүн. Кытай жана Орусиянын пикири боюнча, эл аралык инспекторлор өз ишин толук аякташы үчүн, аларга дагы кошумча убакыт берилүүгө тийиш. Текшерүүчүлөр Иракка 28-ноябрда келген жана 27-январда өз иши боюнча биринчи отчет берүүгө тийиш. Алардын жетекчиси Ханс Бликс жана Өзөктүк кубат боюнча эл аралык ангенттиктин башчысы Мухаммед Эль-Барадейдин айтымында, текшерүүнү аякташ үчүн, дагы кошумча убакыт талаптуу.

Анткен менен, АКШ жана Улуу Британия Перс булуңуна кошумча аскер жиберип, согушка даярданууда. Британиянын коргоо министри Джефф Хундун айтымында, жакында аймакка 26 миң британ аскери жиберилет жана анын Перс булуңунданы аскерлеринин саны 30 миңге жетет. 1991-жылдагы согушка Британиянын 43 миң аскери катышкан. АКШ коргоо министрлиги дагы аймакка кошумча 37 миң аскер жиберүүнү чечти. Алар негизинен Техас штатынданы 4-дивизия жана Колорадо штатындагы 3-бригаданын аскерлери. Аймактагы америкалык аскерлердин саны жакында 125 миңге жетет.

Бирок АКШ аскерий күчтөрүнүн биргелешкен ордосунун башчысы генерал Ричард Майерс 20-январда Түркия жетекчилери менен эч орчундуу келишим түзө алган жок. НАТОго мүчө Түркия дагы Ирак согушуна жигердүү катышуудан баш тартууда, анткени, биринчиден, анын мусулман эли ага каршы. Экинчиден, эгер америкалык аскерлер Түркия аркылуу Ирактын түндүгүнө кирсе, Ирактын гана эмес, Түркиянын өзүндөгү күрддөрдүн эгемендик үчүн күрөшү күчөшү мүмкүн. Жакын арада Түркия - Ирак маселеси боюнча эл аралык конференция уюштурууга камданууда, ага Йордания, Мисир, Сауд Арабия жана Сириянын өкүлдөрү катышат. Ал конференция менен удаа Сирияда да Ирак проблемасына арналган жыйын болуп өтөт.

XS
SM
MD
LG