Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

ТОНИ БЛЭР: “АЛЬ-КАИДА” АНГЛИЯНЫ АКМАЛАЙ БАШТАДЫ


Британ өкмөтүнүн башчысы Тони Блэр “Аль-Каида” өңдөнгөн топтор Англияда террордук акцияларды жасаганы жаткандыгын эскертти. Дүйшөмбү күнү түн ичинде полиция Лондондун Финсбери паркында жайгашкан борбордук мечитте рейд өткөрүп, бир нече кишини камаган эле. Андан мурда Лондондогу үжүрөлөрдүн биринен уулуу зат даярдоочу лаборатория табылган. Мындан тышкары Англиянын түштүк жээктеринде кимдир бирөөлөр үкөктөлгөн эмдарылардын партиясын калтырып кетишкен.

Тони Блэр шейшемби күнү парламенттин төмөнкү палатасында бардык комитеттердин төрагалары чогулган жыйында сөз сүйлөп, Британиянын аймагында тигил же бул формада террордук аракеттер жасалары кадиксиз иш болуп баратканын белгиледи. Атүгүл Британиянын өзүндө да террордук структуралар бар шекилди, деп айтты Блэр. Буга мисал кылып премьер аптанын башындагы окуяларды келтирди. Ошол себептен улам ал массалык куралдар менен террордук уюмдардын тикелей байланышын британдыктар өздөрү аңдап-түшүнгөнү өзгөчө маанилүү болорун эске салды. Коомдук пикирдеги маанайга кайрылып, Блэр калк арасында антиамериканизм жанданганын ырастады. Бирок ал мындай маанайды жаңылыштык деп эсептейт. Америкалыктар жасап жаткан кадамдар жалпы дүйнөгө шарапатын тийгизерине Блэр бекем ишенет.

Өткөн жекшемибиде дүйшөмбүгө караган түнү полиция Лондондогу Финсбери паркында жайгашкан борбордук мечитте, ага жанаша турган эки имаратта атайын операция өткөргөн эле. Рейд маалында мечиттен көздөн жаш агыза турган газ баллону табылды. Мындан тышкары бир нече компьютер жана обо-добо документтер конфискацияланды, шек санаткан айрым адамдар кармалды. Полиция мечиттен алынган материалдарды “өтө кызыктуу” табылга деп сыпаттады. Аларды таптиштеп иликтеп чыгып, коопсуздук органдары айдын башында Лондондогу үжүрөлөрдүн биринен табылган жашыруун лабораторияда рицин жасагандар жөнүндө кеңири маалыматтарды алганга, бул иштин артында турган топтордун изине чыкканга үмүт кылып жатышат. Рицин – уулуу заттардын эң күчтүү түрүнө кирет жана химиялык курал деп эсептелинет. Аталган үжүрөдө кармалгандар азыр сурак

берип жатышат. Алардын көбү теги жагынан алжирликтер дешет. Полициянын болжолунда, алардын Финсбери паркындагы мечит менен байланышы болушу мүмкүн. Анын үстүнө аталган мечитте, чалгындоо мекемелери аныктап чыгышкандай, ”өтүк террорчусу” атыккан Ричард Рид, ошондой эле 11-сентябрындагы иштерге активдүү көмөктөшкөнү үчүн айыпталып, ушу тапта Кошмо Штаттарында абакта отурган Закариас Муссауи бир нече ирет болушкан экен. Ушул жана башка шек санаткан бир нече себептен улам британ бийликтери бул мечитте атайын рейд өткөрүүнү чечишкен. Операция, полициянын өкүлү билдиргендей, терроризмге каршы күрөшүү жөнүндөгү мыйзамга ылайык өткөрүлдү. Ал ошону менен бирге коомдун коопсуздугу өкмөт үчүн эң башкы мурат экендигин белгилеп, өлкөгө коркунуч түзгөндөрдү Британия качан болсун жана каерде болсун куугунтуктай тургандыгын кошумчалады.

Британиядагы соопкерчилик уюмдарын тескеген атайын комиссия өткөн аптада мечиттин имамы Абу Хамза аль-Масриге эскертүү жасаган эле. Имамды комиссия өз абалынан кыйдылык менен пайдаланып, мечитти иш жүзүндө өзүнүн пропагандалык трибунасына айлантып алды деп эсептейт. Абу Хамза аль-Масри учурунда талиптерге колдоо билдирип, Ооганстандагы операцияларды кескин сынга алган. Полициянын дүйшөмбүдөгү түнкү рейдин имам каракчылыкка салыштырып, пропагандалык акция деп баалады. Акыркы маалыматтарда атайын комиссия имамга кат жөнөтүп, Финсбери паркындагы мечиттен кетүүнү сунуш кылгандыгы айтылууда. Ошол эле күнү түштүк Британиядагы деңиз жээктеринен бир нече ящиктен күйдүргүгө каршы колдонула турган эмдарылар табылды. Бул ишти азыр өлкөнүн коргоо министрлиги териштирип жатат. Айрым божомолдордо үкөктөлгөн бул заттарды ушу тапта Перси булуңуна капыл-тапыл жөнөп жаткан британдык аскер кемелердин бири унутуп калтырып кетсе керек деп айтылууда. Коргоо министрлигинин өкүлдөрү коомчулукту бу заттардын эч кандай коркунучу жок деп ишендиришти.

XS
SM
MD
LG