Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Россия, Франция, Кытай жана Германия “бир пикирде” турду


Россия, Франция, Кытай жана Германия чукул арада АКШ башындагы күчтөрдүн Иракка согуш ачуусуна каршы экенин Коопсуздук кеңешинин кечээки сессиясында билдиришти.
Бирок, АКШнын Мамлекеттик секретары Колин Пауэлл: БУУнун Коопсуздук кеңеши Ирактын массалык кыргын салчу каруу жарагын куралсыздандыруу жоопкерчилигинен качпоосу шарт, - деп эскертти жыйында сүйлөп.
Германиянын тышкы иштер министри Йошка Фишер өз өлкөсүнүн позициясы жөнүндө: “(БУУнун) аскерий инспекциясынын аракетине карай, кырдаал туура багытта өнүгүүдө деген пикирдебиз. (БУУнун инпекциясынын башчысы Ханс) Бликс жана анын командасына убакыт зарыл болушунча берилиши шарт”, деп билдирди сессияда.

XS
SM
MD
LG