Журналисттерге берген маалыматында Борис Йордан
" Мен НТВнын башкы директорунун ордун бошотуп берүүгө даяр экенимди билдирем жана акцилнерлер дайындаган жаңы жетекчиликке ишти өткөрүп берүүгө кириштим", -деп айтты. Йордан, ошондой эле, Газпром-Медия Холдинги менен кол койулган келишимде контракт мөөнөтү аяктаганга чейин иштен бошотулушу мүмкүн экендиги айтылганын, ошондуктан ал компанияга дооматы жок экенин белгиледи. Ошону менен катар ал телекомпанияны жетектеген убакыттын ичинде, анын толук кыйроонун алдында турган финансыларын оңдоого жетишкенин, 2002- жылы НТВнын кирешеси, Газпромдун энчисин кошпогондо, 15 миллиард долларга жеткенин билдирди.
Журналисттердин анын саясий себепке байланыштуу кызматтан алынгандыгы жөнүндөгү суроосуна Йордан түз комментарий берген жок. Ал: "Газпромдун чакыруусу боюнча НТВнын башчылыгын өткөрүп алганымда эки принципти: редакциялык саясаттын көз карандысыздыгын жана НТВнын бизнес катары эффективдүүлүгүн тайбай тутууну чечкенмин. Мен редакциянын көз карандысыздыгын сактап калууга жетиштим деп эсептейм",- деп айтты.
Орусиянын кеңири коомчулугу Йордандын кызматтан алынышына анын редакциянын көз карандысыздыгын сактап калганы себеп болгонун айтып жатышат. Тактап айтканда, президент Владимир Путиндин НТВнын ишине нааразы болуп, кескин сынга алгандыгы түрткү болгон. Ноябрь айында Путин НТВны Москванын театрындагы барымта туткундарын бошотуу операциясын түз эфирден чагылдыруу менен, миңдеген адамдардын өмүрүн тобокелге салган деп сындаган. "Акча табуунун да эби бар...Акчаны өз элинин каны-жанынын эсебинен табуу-жарабайт",-деген Путин. Йордан бул сынды четке кагып, спецназдын чабуулу түз эфирден көрсөтүлбөгөнүн айткан. Бирок анын бул билдирүсү суу кечкен жок. Операциянын жүрүшүнүн театрдын сыртынан түз алып көрсөтүлгөнүнө, кризис жөнүндөгү кабарларды демин ичине катып угуп турган бүткүл дүйнө күбө болгон.
Мындан эки жыл мурда Американын теги орусиялык жараны Борис Йорданды Медия-Магнат Гуссинскийдин карамагында болгон телеканалга башчы кылып жатып, Кремль НТВны "кол бала кылып алам" деп үмүттөнгөн. Американын жараны Борис Йордан 90-жылдардын башынан бери Орусиядагы приватташтаруу компаниясына активдүү катышып, бир топ пайда, анын катарында, көмүскө киреше тапкан. Ал ошондой эле Орусияда инвестициялык банкын ачкан. Йордандын ысмы бир нече чуулгандуу окуяларда да аталганы бар. Ошон үчүн Кремль аны оңой эле көзөмөлдө кармарына ишенген. Бирок НТВнын Йордандын башкаруусу алдында жүргүзгөн иши, -Кремль жаңылыштык кетиргенин көрсөттү. Туура, Йордан НТВде өкүм сүргөн ачыктан- ачык оппозициялык маанайды басаңдатып, редакциянын ишин бир кыйла бейтарапташтырганга жетишти. Бирок телекомпания, көптөр күткөндөй, өкмөттүн ырын ырдап кеткен жери жок. Телекөрсөтүүнүн ишине баа берген медия аналитиктери НТВ "сөз эркиндигинин символу" болуп кетпесе да, окуяларды көз карандысыз чагылдырууга умтулганын айтышат. Өкмөттүк маалымат каражаттар басымдуулук кылган Орусиянын медия-дүйнөсүндө мындай иш жүргүзүү оңой- олтоң эмес дешет алар. Газпром-Медия Холдинги Йордан компанияны башкаруу стратегиясындагы "пикир келишпестиктерге" байланыштуу кызматтан бошотулганы билдирди. Йордандын саясий себептерге байланыштуу кызматтан алынганын ошол "пикир келишпестик " деген формулировканын контексинде тургансыйт.
Йорданга НТВнын акцияларынын беш проценти таандык. Андан сырткары, ал өткөн сентябрьда Холдингти реконструкциялоо учурунда Газпром-Медиянын акцияларынын дагы 5 процентине эгедер болгон. Йордан менен иш контрактын мөөнөтүнөн мурда күчүнөн кетирип жатканы үчүн Газпром ага компенсация төлөп берүүгө милдеттүү. Журналисттердин компенсация жаатында берген суроосуна Борис Йордан: "Мен эки тараптуу контракттын өзүмө тийешелүү бөлүгүн так аткардым, Газпромдун да ошондой кыларына үмүттөнөм",- деп жооп кайтарган. Орусиянын маалымат каражаттары Газпром-Медия менен соодалашып отуруп Борис Йордан 15 миллион доллар компенсацияга макул болгонун билдиришет. Йордандын ордуна холдингтин деректорлор кеңешинин төрагасы Александр Дыбаль дайындалды.