«Арнамыс» партиясынын учурда камакта жаткан төрагасы Феликс Куловдун адвокаттары Бишкек шаардык сотунун 2002-жылдын 8-октябрдагы чечимин жокко чыгаруу арызын Жогорку Сотко жолдошту. Мындай маалымат 22-январда партиянын штаб жетекчиси Эмил Алиевден алынды. Анын маалыматына караганда, Жогорку Сот Куловго жети жылдык түрмө жазасын берген шаардык соттун чечимин күчүндө калтырса, Куловдун адвокаттары Конституциялык Сотко да кайрылышат. Ал эми «Арнамыс» партиясынын башкармалыгы, Феликс Куловду коргоо комитетинин мүчөлөрү ушул күнү жыйын өткөрүп, анда партиянын төрагасы Феликс Куловдун камакка алынгандыгына эки жыл болгондугуна байланыштуу кайрылуу кабыл алышты. Кайрылууда алар «Кыргызстандагы соттор президент Аскар Акаев баштаган расмий бийликтин тилинен чыкпай, калыс чечим чыгара албастыгын мезгил далилдеди жана адам укугу менен эркиндиги чексиз басмырланууда» деп билдиришти. Ага Феликс Куловдун боштондугун талап кылып ачкачылык жарыялаган, пикет, митингдерге чыккан жарандардын камакка алынып, соттолууларын мисал келтиришип, эл аралык уюмдарды Ф. Куловду бошотууга таасир көрсөтүүгө чакырышты.