Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:34

«ФЕБИОФЕСТ - 2003» ЭЛ АРАЛЫК КИНОФЕСТИВАЛЫ ПРАГАДА ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ


Январдын 23үндө Прага шаарында Онунчу эл аралык “Фебио фест” кинофестивалы салтанаттуу түрдө ачылды. Дүйнөнүн чар тарабынан келген кино чеберлеринин чыгармачыл мөмөсү менен оболу чехтер, андан соң – 10-февралдан тартып словактар тааныша алат. Тасмалардын арасында классикалык мураска айлангандар да, жаңы муундун саамалыктары да, адам укуктарына арналган документалдык чыгармалар да бар.

Бейшембиде Прага шаарында эл аралык “Фебиофест” кинофестивалы онунчу жолу өз каалгасын ачты. Быйыл кино көрөрмандары дүйнөнүн чар тарабынан келген фильмдерди, жалпысынан 440тай тасманы көрө алат.
Фебиофест кинофестивалынын уюштуруу комитетинин өкүлү Мира Хавиарова айым бул жолу да фестивалга Батыш менен Чыгыштын кино өнөрүнүн дүйнөлүк классикага айланган жана жаңы үлгүлөрүнөн тартууга мүмкүн болгонун “Азаттык” үчүн курган маегинде айтты.

- Былтыркыдай эле, дүйнөнүн дээрлик элүүдөй мамлекетинин тасмалары катышууда. Алардын арасында – Кытай, Корея, Франция сыяктуу өлкөлөрдүн өкүлдөрү бар. Чыгыш Европадан былтыркыга караганда бир аз көбүрөөк тасманы алдырууга жетиштик, тасманын ээлери, аны сактаган өкүлдөр менен ымала табыша алдык.

Бирок Чыгыш Европа өкмөттөрү, дейт Хавиарова, бул фестивалга анча көөндөнүп жардам беришкен жок. Фестивал маалында түшкөн акча каражатынын бир бөлүгү Прагадагы жөөттөрдүн былтыркы ташкындан жапа чеккен тарыхый көрүстөнүн калыбына келтирүүгө жумшалмакчы.
Хавиарова айым:

- Фестивалда жаштардын чыгармачылыгы да сунуш кылынууда. Бир секция толугу менен жаштарга арналат, алардын арасында ВГИКтин жана Жогорку режиисордук курстун быйылкы бүтүрүүчүлөрүнүн чыгармалары да бар. Польшадан таанымал актер Франциск Пиечка, украиндардан режиссер Роман Балаян келди, ал эми Мажарстан менен Румыниядан – сегизден тасма катышууда. Эгерде Фебиофест болочокто да улантыла берсе, келээрки жылы Кыргызстан да өз тасмаларын көрсөтөт ко деп үмүттөнөм.

Мира Хавиарова айым фестивалда адам укуктарына арналган тасмалар да көрсөтүлөөрүн айрыкча белгиледи:

- Фестивалда укук коргоо көйгөйлөрү чагылдырылган сегиз жаңы тасма бар. Аларды «Сталкер» фестивалынын уюштуруучулары катыштырууда. Бизге укук коргоо темасын чагылдырган бул фестивалдын деректири Игорь Степанов да, «Рут» аттуу тасмасы менен режиссер Валерий Ахадов да мейманга келүүдө.

Хавиарова айым терең кайгыруу менен белгилегендей, кыргыздын чыгаан кинорежиссеру, маркум Төлөмүш Океев былтыркы фестивалдын ардактуу коногу катары чакырылган эле, бирок шум ажал аны 2001-жылдын декабрында арабыздан алып кеткен. Чехиялык маектешибиздин болочокто кыргыз кино чеберлери да “Фебиофестке” өз тасмасын катьштырса экен деген тилегине ортоктошпуз.
XS
SM
MD
LG