Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:18

Быйыл Кыргызстандан Меккеге 3 миң адам барат


Сауд Аравиясындагы Мекке жана Медина ыйык жайларына сыйынууга быйыл Кыргызстандан 3 миңге жакын адам барары күтүлүүдө. Алардын бардыгына Сауд Аравиясынын ажы иштери боюнча министрлигинин жана кыргыз өкмөтүнүн алдындагы дин комиссиясынын көмөгү аркылуу виза берилди. Бул тууралуу 25-январда Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын кызматкери Марат ажы Усупов билдирди. Кыргызстандык мусулмандардын 350 чамалашы учак менен жетүүнү көздөп жатышат. Калгандары сыйынуучу жайга автобус менен Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Иран-Түркия-Иордания маршруту аркылуу барышы күтүлүүдө. Автоунаа менен баруучулардын алгачкылары сапарын 26-январда Сокулук айылынан башташат. Марат Ажы Усуповдун билдиришинче, Мекке, Мединага баруучулардын жол киреси 660 доллардан 1300 долларга чейин, ошондой болсо да Кыргызстандын жарандарынын арасында каалоочулардын саны өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге өстү.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Венера Сагындык кызы

XS
SM
MD
LG