Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Ажылыкка Кыргызстандан алгачкы болуп 187 адам жол тартты


Бүгүн Чүй облусунун Москва районуна караштуу Александровка айылынан Кыргызстандын 187 жараны быйылкы жылдын эсебинен биринчилерден болуп мусулмандык парзын аткарып келүүгө Сауд Арабстандын Меке шаарына жол тартты. Бул тууралуу жекшемби күнү Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынан маалымдашты. Ажылык сапар Кыргызстандан башталып, Өзбекстан, Түркмөнстан, Иран, Түркия, Иордания аркылуу өтмөкчү. Мекеге ажылыкка баруучулардын экинчи тобу кийинки аптада Бишкектен жол тартат. 2002-жылы Сауд Арабстанга ажылыкка Кыргызстандан 1600 адам барган. Үстүбүздөгү жылы мусулмандардын ыйык жайына өлкөдөн 3 миңге жакын адамдын барышы күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG