Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Григорий Пасько абактан чыкты


Муса Мураталиев, Москва Мамлекеттик жашырын сырды жайылтканы үчүн делинип 4 жылга кесилген журналист Григорий Пасько бейшембиде убагынан эрте түрмөдөн чыкты. Аны Тынч океан флотунун аскерий соту Жапония кызыкчылыгына тыңчылык кылды деп карматып, 2001- жылы өкүм чыгарган. Журналисттин адвокаты Страсбургдагы адам укугун коргоо сотуна кайрыла тургандыгын билдирди.

Орусияда совет тушунан калган бир адат бар. Кудум совет режими бар кездеги сот ишин жүргүзүү системасы кыйла кишинин тагдырына балта чабууда. Мына ошондой көрүнүштүн бири журналист Паськонун үстүнөн өткөрүлгөн сот болгон. Ал жазган макалага таяп, аны Жапон мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн тыңчылык кылды деп камакка алышкан. Аз өтпөй сот өкүмү чыгып, Пасько 4 жылга кесилген. Ошентип ал 2004- жылдын 25-апрелине чейин түрмөдө отурушу керек эле. Бирок ушул бейшембиде аны Примор крайынын Уссурийск калаасынын 41-абагынан мөөнөтүнөн мурда бошотушту. Буга дейре мурунку жылдын март айында жалпы мунапыска туш келип аны абактан бошотуу жардыгы чыккан. Бирок, журналист мунапыс аркылуу эркиндикке чыкпастыгын билдирип, боштондуктан баш тарткан. Муну менен Пасько өзүнүн ак жерден кесилгендигин ырастагысы келген. Түрмөдөн чыккандан да ал Европа адам укугун коргоо боюнча сотуна кайрыла тургандыгын билдирди.

Паськонун айланасындагы иштер совет реждиминен калган адат. Чет элдик жарандар менен жакшы санаалаш же чогуу жүргөн орусиялыктардан коопсуздук органдары тыңчылык кылууда деп шек саноосунан улам чыр чыгууда. Пасько сыяктуу канчалаган орусиялык жарандар мекенине чыккынчылык кылды, деген күнөө менен түрмөлөрдө олтурушат.

Журналист Пасько өзү:«Буга окшогон зомбулук үчүн, көрүнгөндү четтен кармап түрмөгө олтургузуу үчүн эч ким күнөөлү эмес. Ага системанын өзү күнөөлүү. Ошондуктан адамдардан туруучу ошол системаны алмаштыруу керек»,- дейт.
Баса, абакта жатканда журналист башынан өткөргөндөр, кудум совет режими тушунда Солженицын жазган ГУЛАГ системасын эске салат. Саясий доо менен олтургандарды түрмөдө да күнү-түнү аңдуу, аларды жер карама кылып таштоо үчүн улам бир болбогон себептен улам намысына тийип кордоо, күн көргөзбөө азыркы түрмө системасында дагы эле бар экендигин Пасько да айтып чыкты.

Орусия коомчулугу кайра-кайра нааразылык билдирип Паськону түрмөдөн бошотушун талап кылып келди. Жакында губернаторлор менен жолугушууда президент Путин «шпиономанияны» койбойсуңарбы деген эскертүүсүн айтты. Кокусунанбы же ошол кыйытып айтылган кеп таасир эттиби, Уссурийскидеги 41-колониянын жетекчилиги журналист Паськону «жүрүм-туруму мыкты болгонго байланыштуу мөөнөтүнөн мурда бошотулусун» деген аныктама менен түрмөдөн чыгарды.

Экология жана укук боюнча таанымал журналистти Тынч океан аскер флотунун соту 2001- жылы 23-январда Жапониянын пайдасына тыңчылык кылган деп 4 жылга кескен. Ага жашыруун маалымат топтоп, аны чет өлкөлүк жаранга берген, деген күнөө коюлган. А чындыгында, аскерий гезитте иштеген Пасько бир жолу Тынч океан флотунда суу асты менен сүзүүчү кемеден иштетилген урандын шакелдерин кармоочу темир бочкаларды океанга чөгөрүп ийүү жумушун өз көзү менен көргөндүгүн айтып койгондугу үчүн, «жабылуу аяктан жабуусу» ачылып калгандыктан бийликтин каарына калган эле. Кызык жери, Орусиянын «Кылмыш кодексинде» чыккынчылык кылган киши 10 жылдан 20 жылга дейре эркинен ажыратылат, деп айтылган. Анда эмне үчүн журналистти 4 жылга кесип ийишкен, - деген суроо тулат.
XS
SM
MD
LG