Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Оппозициянын республикалык штабы «бийлик элге кысым көрсөтүүдө» деген маанидеги билдирүү таратты


БИШКЕК. 2-февралда боло турган референдумду көзөмөлдөө боюнча саясий партиялар жана коомдук уюмдур түзгөн республикалык штаб 27-январда билдирүү таратты. Анда расмий бийлик өзүнө ылайыктуу Конституцияны кабылдатуунун административдик, финансылык, маалыматтык, психологиялык ыкмаларын бардык жерде ачыктан-ачык колдонуп жаткандыгы айтылат. Билдирүү ээлеринин пикиринде, референдумду өткөрүү идеясы жана саясаты - жалпы Кыргызстандын элине душмандык кылуу менен барабар. Алар билдирүүдө бийликтен элге зордук көрсөтүүнү токтотууну талап кылып, президент Аскар Акаевди болсо саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын жана эл аралык уюмдардын референдумду башка убакта өткөрүү сунушун эске алууга чакырышкан. Андан тышкары, алар эл аралык уюмдар менен демократиялык мамлекеттердин жетекчилерин Акаевдин саясатына өз мамилесин билдирүүгө, ал эми шайлоочуларды 2-февралда калыс чечим кабыл алууга үндөшкөн.

XS
SM
MD
LG