Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:50

КООМДУК ШТАБ ЖЕР-ЖЕРЛЕРДЕ ПРЕЗИДЕНТТИ ЖАКТАБАГАНДАРГА КЫСЫМ КӨРСӨТҮЛҮП ЖАТКАНЫН БИЛДИРДИ


Референдумду өткөрүү боюнча коомдук штаб 27-январда билдирүү таратты. Ал расмий бийликти, элге түшүндүрүү иштерин өз кызыкчылыгын көздөп гана жүргүзүп жатканы үчүн айыптады. Билдирүүгө байланыштуу чакырылган пресс-конференцияда штаб мүчөлөрү бийлик тарабынан президентти жактабагандарга кысым көрсөтүлүп жаткандыгын маалымдашты.

Референдумдун 2-февралда өтүшүнө кайчы пикирдеги оппозициялык партиялар жана бейөкмөт уюмдар 17-январда коомдук штаб түзүп, референдумду 2-февралда өткөрүүгө каршы болушунун себептерин элге түшүндүрүү максатын алдыга коюшкан. Коомдук штаб тараткан күндөлүк маалыматтарга караганда, бул күндөрү партиялардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү жер-жерлерде түшүндүрүү иштери менен алектенишүүдө. Референдумдун алдында өз округдарына оппозициялык маанайдагы партиялардын катарындагы парламентарийлер да барышы күтүлөт. Бирок, мындай аракеттер коомдук штаб каалаганчалык деңгээлде тыянак береби-жокпу, азырынча божомолдоо кыйын. Айрым байкоочулар оппозициячыл саясатчылардын ич ара солгун жана бири-бирине ишенбеген мамилелери референдумга байланыштуу штабдын кабыл алган чечимдерин толук аткарууга тоскоолдук кылып коюшу ыктымал деген көз карашта.

Ал эми коомдук штабдын мүчөлөрү, «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиясынын башчысынын орун басары Жыпар Жекшеев менен «Арнамыс» партиясынын штаб башчысы Эмил Алиевдин 27-январда билдиргендерине караганда, штабдын мыйзам чегиндеги аракеттерине азыр бийлик ар кандай жолдор менен тоскоолдук кылып жатат. Штаб башчысынын орун басары Жыпар Жекшеев, маселен, 27-январда өткөргөн маалымат жыйынында: «Азыр бийлик тарабынан ачык эле шантаж, сатып алуулар, кысым көрсөтүүлөр болуп жатат. Бул 1991-жылкы «Референдум жөнүндөгү» мыйзамга караманча каршы келет», - деди.

Жекшеевдин айтымында, бардык региондордо, анын ичинде Ысыккөлдө, Таласта, Жалалабадда, Ошто, Нарында коомчулук менен штаб өкүлдөрүнүн жөнсалды жолугушуп, сүйлөшүүлөрүнө бийлик өкүлдөрү мүмкүндүк берген жери жок. «Коркунуч коомдук штаб тарабынан эмес, бийлик структуралары тарабынан түзүлүүдө», - дейт ал.

Бийлик өкүлдөрү кысым жасап жатат деген маанидеги көз карашын ушул эле күнү «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсалов да айтып өттү. Анын айтымында, атайын кызматтардын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн мындай ормон опузасы - тоталитардык доорго гана таандык көрүнүш.

- Биздин мүчөлөрүбүз 2000-жылкы президенттик шайлоодо да байкоо жүргүзгөн. Бийлик менен аябай эле тирешүүгө барганбыз. Бирок, биздин Баткендеги, Нарындагы, Көлдөгү мүчөлөрүбүз ошол кезде коопсуздук кызматкерлери азыркыдай коркутуп-үркүтүп, «демократияны унуткула» дегенге чейин айткандары эсинде жок экенин айтып жатышат. Мындай көрүнүштөр бизди кооптондурат, - дейт Байсалов. Анын айтымында, Коалиция референдумга байкоочуларды даярдоону улантууда.

Курамына ушундай эле бейөкмөт уюмдар кирген коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын лидери Токтайым Үмөталиева мындай билдирүүлөргө кайчы пикирин айтты. Ал бийлик тарабынан эч кандай кысым болбогонун белгилеп, буга байланышкан билдирүүлөрдү саясий оюн катары санады:

- Мисалы, Таласты алсак, биз кечээ барганда донор-уюмдардын өкүлдөрү жүрдү эле. Алар деле «ушундай болуп атат» деп далилдеп беришмек. Азыр Ошто, Жалалабадда, Нарында, Ысыккөлдө биздин кеңсенин бардык техникалык кызматкерлери жүрүшөт. Бирөөнөн бир ушундай болду дегенди уккан жокмун… Менимче бул саясий шоу, - дейт Үмөталиева.

Коомдук штаб мүчөлөрү референдум өткөрүүгө каршы иш-чараларды дилгир жүргүзүп жатканы менен, алар референдум азыркы бийлик каалагандай деңгээлде өтөрүнө ишенишет. Маселен, коомдук штаб башчысынын орун басары Жыпар Жекшеевдин божомолуна караганда, референдумга калктын 75 пайызы келет.

- Президент бир нече ирет «75 пайыз эл колдоп жатат» деп кайталап жаткан соң, ал алдын ала чечип койду да. Бул деген бийликке берилген тапшырма. Төмөнкү бийлик ушуга негиздеп иш алып барат. Албетте, Акаев бул цифраны кайдан алганын мен биле албайм. Бийлик муну менен өзүнө элдин ишеним чегин биротоло түгөтөт, - дейт ал.

Жыпар Жекшеев бул көз карашын президенттин референдумга байланыштуу элге кайрылуусуна таянып айтты. Президент Аскар Акаев болсо элге кайрылуусунда «…Жаңы редакция юридикалык себептер боюнча жалпы элдик референдум менен гана кабыл алынууга тийиш. Муну менен бирге калктын көпчүлүк бөлүгү – 75 пайыздан ашыгы бул маселени референдум аркылуу гана чечүү керек деген пикирин билдирди», - деген эле.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG