Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

АЗЫРКЫ ОРУСИЯЛЫК БИЙЛИК «ТЫҢЧЫ» КАТАРЫ ШЕК КЫЛГАН АДАМДАР


Муса Мураталиев, Москва Орусияда азыркы бийлик тушунда башка мамлекеттин кызыкчылыгына тыңчылык кылды деп түрмөгө кесилген кишилердин саны ондон ашат. Жакында президент Путиндин «шпиономанияны» койбойсуңарбы деген бир ооз кебинен улам ал кишилердин ишинде өзгөрүүлөр болуп атат. Бөйдө жерден «тыңчы» атка конуп мекенине чыккынчылык кылган деген жаманаттыдан кутулуу үчүн алар Европалык адам укугун коргоо сотуна кайрылганы атышат.

Жакында, Примор крайынан, Жапониянын кызыкчылыгына тыңчылык кылган деген күнөө менен абакка олтургузулган «Воевая вахта» гезиттин мурдагы кабарчысы Григорий Пасько мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Аны президент Путиндин бир ооз кеби эрте бошотту деген кеп бар. Кийинки учурда басма сөз, сыналгы, үналгыда ошондой пикирлер пайда болууда.
Владимир Путин мындай деп айтты:

- Бул маселеде, айрыкча иштин формалдык гана жагына көңүл буруу, жана, кантсе да ушул тыңчы окшойт деген бөйрөктөн шыйрык чыгаруу, ошол себептен аны артыкча жашырып-жабуу ишке жолто болууда.

Ушундан соң арадан эки күн өтпөй Уссурийскиде абакта олтурган Пасько бошотулду.
Ошондон тартып анализчилер, тыңчылык кылды деген күнөө менен кармалгандар ишинде өзгөрүү болот деген болжол айта башташты. Укук коргоочулар билдиргенге караганда, андай катаал доо интеллигенцияны коркутуу үчүн атайын ФСБ тарабынан ойлоп табылган.

Баса, мекенине чыккынчылык кылды деген айып тагылгандар, чынында интеллигенция өкүлдөрү экенин көрөбүз. Маселен, Александр Никитин – кесиби боюнча эколог, океанды изилдөөчү окумуштуулар: Владимир Шуров жана Юрий Хворостов, физиктер : Валентин Данилов жана Владимир Сойфер, инженер – Валерий Ковальчук, окумуштуу – Игорь Сутягин, дипломат – Виктор Моисеев ж.б.

Азыр аты аталгандардын ар бири өз кесибинин бакандай адистеринен. Ар биринин тагдырын териштирип чыгуу көп убакытты талап кылат. Ошондуктан сиздерге Виктор Моисеев жөнүндө бир эки ооз сөз айта кетмекчибиз. Дипломат төрт жарым жыл түрмөдө олтуруп чыккан. Азыр боштондукта. Ал Түштүк Корей кызыкчылыгы үчүн тыңчылык кылган деген айып менен кармалып абака олтургузулган. Сот иши менен таанышып атып Моисеев артынан ФСБ эки жылы удаа аңдуу жүргүзгөнүн түшүнгөн. Бир жолу Түштүк Корей дипломаты үйүндө конокто болуп чыкканда аны тышта күтүп турушкан ФСБ кызматкерлери кармап, папкесинен Моисеевдин илимий эмгегинин бир нускасын таап алышкан. Ошол себепкер болуп абакка олтургузулган. Ал илимий эмгек, болгону, 11 беттен турган анча деле жашырын айткыдай сыры жок эмгек. Аны бул күндө интернет сайтынан ким кааласа таап окуй алат.
Дипломат Виктор Моисеев абакта олтурган кезин мындайча эскерди:

- Мага ачык эле айтып коркутуу-үркүтүү болду. Сенин балдарыңды алып келебиз дешти. Шартка жараша, анда балдарым Корейде, Сэулда эле, аларды алып келип кошуна камерага олтургузабыз деп коркутушту. Сурак жүрүп атканда, эгерде мен күнөөлүү экенимди моюнума албасам анда атайын метод колдоно тургандыгын айтып кысымга алышты.

Моисеев абакта олтуруп чыккандан соң мурдагы беделине келе алган эмес. Өмүр бою куруп чыккан дипломаттык мансабынан ажыраган. Ошол себептүү жок жерден кор болгон беделин кайра калыбына келтирүү үчүн ал Адам укугун коргоо боюнча Европалык сотко кайрыла тургандыгын билдирди.

Журналист Илья Земиндин айтканына караганда, жок жерден «тыңчы» атка конгондордун баары жакында Страсбургга кайрылып, адилеттүүлүктү ошол жактан издешмекчи.

XS
SM
MD
LG