Азыркы премьер-министр Ариэль Шарондун партиялаштары парламенттин 37 мандатын жеңип алышты. Эми Шаронго курама өкмөт түзүүгө туура келет. Шайлоодо 19 мандат алып, экинчи орунга чыккан Эмгек партиясы мындан мурда эле “Ликуд” менен өкмөттүк коалицияга кирүүдөн караманча баш тарткан. Кнессетте он беш орунга ээ болгон атеисттердин “Шинуй” партиясы диний кыймылдар менен бийликте өнөктөш болууну каалабайт. Кечээки шайлоого Израилдин тарыхында эң аз адам катышты – шайлоочулардын болгону 69 процентке жакыны гана добуш беришти.