Бул тууралуу президент Буш кечээки кайрылуусунда белгилеп көрсөттү. Президенттин сөздөрү боюнча, экономиканы көтөрүү жана жаңы жумушчу орундарды түзүү ишине 674 миллиард доллар каражат бөлүнөт, социалдык программаларга 400 миллиард доллардан ашуун акча карышталат. Мындан тышкары жакында эле президент экономикалык радикалдуу чараларды сунуш кылган жоон топ документтерди конгресстин кароосуна киргизген.