Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:40

КИНОДОГУ СЫЙКЫРЧЫ ДОББИ ПРЕЗИДЕНТ ПУТИНДИН ТҮГӨЙҮБҮ?


Батыштык окурмандар менен киноышкыбоздордун сүйүктүү каарманы – сыйкырчы-бала Гарри Поттер жөнүндөгү жаңы кинотасмада Добби аттуу компьютерде жасалган кейипкер бар. Чыпалактай бою, кырдач, узун мурду жана тостойгон, теше тиктеген көздөрү үчүн сыйкырчы Доббини жаңы тасма экранга чыгаар замат, батыштык гезиттер Орусиянын президенти Владимир Путиндин түгөйү атап ийишти. Ал эмес, "Эхо Москвы" радиосу орусиялык адвокаттар Добби Путинге окшошуп калган үчүн сотко кайрылууга камданып жатканын кабарлады.

- "Гарри Поттер! Кандай гана сыймык!
- Сиз кимсиз?
- Мен Доббимин, үй сыйкырчысымын. Гарри Поттер быйыл мектепке барбай эле койсо болот!"


Америкалык "Уорнер Бразерс" киностудиясы даярдаган "Гарри
Поттер жана жашыруун бөлмө" аттуу тасма ушундайча башталат. Сыйкырчы бала Гарри Поттер тууралуу улам бир чыгарма жаратып, мектеп жашындагы балдардын бүйүрүн кызыткан киностудия эми дагы бир жаңы каарман таап, компьютерде жасалган жашыл түстүү, коркунучтуу Доббини алдыга сүрөп чыкты. Бою кодогой, эки кулагы чоңдугунан түрүлө жаздаган сыйкырчы Добби бир караганда кишинин үрөйүн учура жаздайт. Бирок, жакшылап карай келгенде, анын чанагынан чыга калчудай тостоюп, жакын жанашкан көздөрү, узун, кырдач муруну жана теше тиктеген, чечкиндүү көз карашы чындап эле орус президенти Владимир Путинди эске салат. Эмнеси болсо да, жаңы кинофильм экранга чыгаар замат, Орусиялык, Германия жана Италиялык гезиттер Доббини "Путиндин коркунучтуу түгөйү" деп жазып чыгышты. "Гарри Поттер жана жашыруун бөлмө" киносундагы компьютердик каарман Путинге каптап койгондой окшош деп айтуу ашачапкандык экени талашсыз. Кантсе да, Орусия президентинин өңү жашыл эмес жана анын кулактары делдейип, шамалда кыймылдап турбайт. Ошентсе да, Британиялык Би-Би-Си корпорациясынын орус кызматы уюштурган сурамжылоо учурунда угармандардын 77%ы Добби Путинге окшош экенин ырасташкан.


Гарри Поттердин күйөрмандарынын Интернет-сайтында: "Байкуш Доббини кимге окшоштурушту тапкан экенсиңер?", же болбосо: "Доббини Путинге салыштырган сөрөйлөр, азыраак ичип, көзүңөрдү чоңураак ачкыла!" деген өңдүү ар түрдүү мазмундагы каттар жайнайт. "Уорнер Бразерс" компаниясы азырынча саясат жыттанган салыштыруу, түгөйлөштүрүүгө эч кандай реакция жасай элек.


Москвада болсо, ырайы суук, бир караган кишиге жагымсыз Доббинин президент Путинге окшошуп калганы айрым бирөөлөрдүн тынчын ала баштаган өңдүү. Анысы кандай, жакында "Эхо Москвы" радиосу орусиялык адвокаттар тобу Добби катышкан кинону даярдаган "Уорнер Бразерс" компаниясын сотко берүүгө камданып жатканын кабарлады. Москвалык юристтер кинокомпания Доббини атайлап Путинге түспөлдөштүрүп жасаган деп эсептешет. Азырынча сотко ким, качан кайрылаары анык эмес. Орусиялык адвокаттардын гильдиясынын коомдук байланыштар бөлүмүнүн башчысы Виктор Дигишев "Азаттык" радиосуна буларды билдирди:

- Бул каңшаарга байланыштуу билбейм, балким, бир адвокат, же адвокаттар тобу өзүлөрүнүн шектүү аброюн көтөрүш үчүн ушундай саясий реклама жасап жаткандыр. Буга чейин да мындай окуялар болгон. Сотто ушуга окшогон иштерди кароо өтө татаал, көптөгөн эксперттерди катыштыруу керек. Иштин аягы эмне менен бүтөөрүн болжош кыйын. Адатта сотко мындай арыз менен кайрылгандар жөн гана коомчулуктун көңүлүн өздөрүнө бурдургусу келген адамдар.

1995-жылы Орусиялык НТВ телеканалы белгилүү саясатчылардын кылык-жоруктарын туураган "Куурчактар" аттуу программасын баштаганда, өлкөнүн башкы прокуратурасы андагы куурчак-Ельциндин бейнеси орус президентин мазактайт деп сот ишин баштап, кийинчерээк аны жабууга аргасыз болгон.

Добби-Путин жаңжалы да балким, сотто каралышы мүмкүн. А балким, "Уорнер Бразерс" кинокомпаниясы да сыйкырчы Доббини президент Путинге окшоштургандардын өзүлөрүн сотко берип жүрбөсүн? Эгерде сот болуп калса, анда ырайы суук, бирок боорукер сыйкырчы Добби сотто өзүнүн анык жүзүн ачып көрсөтүүгө мажбур болмокчу.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG