Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:23

ООНдун коопсуздук кеңешинде Ирактагы инспекциянын жыйынтыктары талкууланууда


Кечээги талаш-таңаштарда кеңештин он беш мүчөсүнүн он бири инспекциянын мөөнөтүн узартуу зарылдыгын жактап чыгышты. Россиянын ООНдогу элчиси Сергей Лавров инспекцияны токтотконго эч кандай жүйөө жоктугун белгилеп, эксперттердин иши өтө пайдалуу болуп жатканын, андыктан аны улантуу керектигин билдирди. МАГАТЭнин директору Мохаммад аль-Барадей да бүгүн атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин эксперттерине дагы эки-үч айдай убакыт берилиши керек деген пикирин айтты. Ирактын ООНдогу элчиси Мохаммад аль-Доири эл аралык инспекторлор менен тыгыз кызматташканга Багдаддын атынан убада берди. Инспекция Ирактын химиялык, биологиялык жана атомдук эч кандай куралы жоктугун ырастап бермекчи, андыктан биз буга кызыкдарбыз, деп билдирди ирак элчиси.

XS
SM
MD
LG