Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:35

КЫРГЫЗ БАСМА СӨЗҮНӨ БАЯНДАМА


“Моя столица”, “Вечерний Бишкек”, “Слово Кыргызстана” – 30.01.03, “Агым”, “Кыргыз туусу”, “Общественный рейтинг” – 31.01.03.

2-февралга белгиленген референдум конституциялык мыйзамы жок эле өткөнү турат. Ушу тапта элди «макулдатыш» амалында миңдеген чиновниктер айыл-айылдарга жөнөтүлдү. Мунун баары Башмыйзамдын жаңы редакциясын колдоп, Акаевдин башкаруусун узартуу үчүн жасалып жатканын бейшембидеги «Моя столица» гезитинде Рина Приживойт «Устуканга – бийлик менен акча» деген макаласында маалымдады. «Устуканга - бийлик менен акча тартылып атат. Аңдабагандар үчүн айтып коелу, мына ушулардын устуканы үчүн 2-февралда добуш беришибиз керек»,- деп жазат автор. Өзгөртүлүп аткан Башмыйзам менен кенен таанышууга убакыт бербей, эмнеге шашылып жатышканына түшүнбөй атканын ушул эле гезитте Болот Шамшиев «Бийлик формуласы» деген макаласында кеп кылат. Автордун айтымында, президент бийликтин үч бутагынын бирөөндө да жок. Кагазга жазылбаганы менен ал өлкөнүн өкүмдары экени ар бир сөздөн сезилип турат. Кыргызстандагы азыркы президенттин бийлиги абсолюттук, эч кимдин алдында жооп бербейт. «Бизде президентке ыйман берсин дегенден башка ылажы жок. А эгер ал андай касиеттен куржалак калсачы? Балээнин баары мына ушул жерде катылып жатат», дейт Болот Шамшиев.

Конституциянын жаңы редакциясы президенттик-парламенттик башкаруу формасына төп келерин, өлкөдөгү ынтымак-ырашкердикке өбөлгө түзөрүн 30-январда «Слово Кыргызстана» гезитинде жарыяланган кайрылуусунда «Элет» партиясы ырастады. Конституциянын жаңы редакциясында тактоону талап кылган жерлер жетиштүү экенине «Кайсынысы негиздүү, эмнеси келди-кетти?» деген макаласында академик Турар Койчуев токтолгон. Жаңыланган Конституция иштей баштаса азыркы 105 депутаттын 30 кыскартылабы, эгер кыскартуу башталса, ал кандайча өтүшү мүмкүн, парламент толук таратылабы же эки палатанын бирөөн жоюп, жетпеген орунга шайлоо өткөрүү зарылбы, деген суроо коет автор. Академиктин айтымында, жаңыланган Башмыйзамдын кайсы жобосу турмушка кайчы келгенин мезгил көрсөтөт.

Жума күнү жарыкка чыгуучу «Общественный рейтинг» гезитинде Конституциянын жаңы редакциясын жазууга катышкан эксперттик топтун мүчөсү Нина Векуа менен маек басууга даярдалууда. Эксперттин айтымында, Конституциянын жаңы редакциясында биртоп алешимдиктер бар. Парламент депутатын жыйынга себепсиз келбей калганы үчүн мандатынан ажыратуу андай алешемдиктин бирөө гана. Векуа Конституциялык өзгөрүүлөрдү Элдик курултайда талкуулоону туура деп эсептейт. Басылмада интернет сурамжылоонун жыйынтыгы тууралуу маалымдама да жарыяланмакчы. Сурамжылоого катышкандардын теңинен көбү Конституциянын жаңы редакциясы президенттин жеке бийлигин күчөтүүгө негиз бере тургандыгын белгилешкен. Гезит авторлору Марипов менен Байгуттиев референдум жыйынтыгы бийлик каалаган чекте чыгарыларын, аны өзгөртүүгө эч кимдин алы келбестиги, эларалык байкоочулардын катышпай койгону азыркы бийликти анча деле сарсанаага салбастыгы тууралуу кеп салышат.

«Агым» гезитинин жаңы санында Ош облусунун жетекчиси Накен Касиевдин гезит кабарчысына берген маеги жарыяланмакчы. Губернатор аймактын эли бир кишидей болуп референдумду колдоорун билдирген. Анын айтымында, жалпы элдик референдумду облус калкы талкуулап, жактыруу менен кабыл алышты. Гезитте Акаев жана анын оппоненттери тууралуу Абдувахаб Мониевдин, оппозициянын кийинки аракеттери, абсолюттук ветону киргизип, абсолюттук бийликти ким күсөп атканы тууралуу Баратбай Аракеевдин макаласы басууга даярдалууда.

Рефeрендумду колдогон кат, телеграмма, пикирлер «Кыргыз туусу» гезитинин жума күнкү санында да жарыяланмакчы. Президенттин саясатын колдогон элдин пикири, оппозициянын аракетин сынга алган гезит баяндамачыларынын макалалары басылманын жаңы санында жарыяланмакчы. Референдумду колдогон пикирлерге «Эркинтоо» гезити да жаңы санында арбын орун бермекчи.

Конституциянын жаңы редакциясын жаамы калк жапырт талкуулап, республикада жаңы редакциянын айланасында гана сөз жүрүп атканын бейшембиде «Вечерний Бишкек» гезити кабарлады. Оксана Семеняктын маалымдашынча, депутат Тайырбек Сарпашев оппозициянын жолтоо кылганын жоюп, президенттин 2005-жылга чейин иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берүүнү жактайт, анын кесиптеши Кубатбек Байболов парламент спикерин 5 жылга биротоло шайлоо сунушун билдирген.
XS
SM
MD
LG