Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:27

БЕШИНЧИ КЫШКЫ АЗИЯ ОЮНДАРЫ


Кабыл Макешов, Бишкек Жапониянын Аомори шаарындагы Бешинчи кышкы Азия Оюндары 1-февралдан 8-февралга чейин улантылат.

Азия континентинде спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрүү жана спортсмендердин чеберчилигин өстүрүү максатында кышкы Азия оюндарын өткөрүүнү Азия олимпиадалык кеңеши 1984-жылы Сеулда өткөн Генералдык Ассамблеясында кабыл алган.

Биринчи кышкы Азия оюндарын өткөрүш үчүн Жапониянын Саппоро шаары өз кандидатурасын коюп, даяр экендигин билдирген. Себеби, 1972-жылы бул шаарда кышкы Олимпиадалык оюндар болуп, спорттук имараттар, жайлар дайын эле. Алар мелдештерди уюштуруу тажрыйбасына да ээ болчу. Ошентип, 1986-жылы Жапониянын Саппоро шаары алгачкы Азия оюндарынын отун жандырып, ага 7 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан. Экинчи кышкы Азия оюндары 1990-жылы Индияда өтмөк. Бирок, экономикалык кыйынчылыктарга байланыштуу, алар оюнду өткөрүүдөн баш тарткан. Бул жагдайдан дагы япондуктар чыгарып, ажаат ачкан. Кайрадан Саппоро шаарында Экинчи кышкы Азия оюндарынын оту жанып, мында 10 мамлекеттин спортчулары күч сынашты.

Кытай жана Түштүк Корея өлкөлөрүнүн спортсмендери лидерликти колдон чыгарган жок.
Корея Элдик-Демократиялык Республикасы Үчүнчү кышкы Азия оюндарын өткөрөбүз деген убадасына тура албады. Бул демилгени Кытай Эл Республикасынын Харбин шаары колго алып, 1996-жылы Үчүнчү Азия оюндарын өткөрдү. Мурда Советтер Союзунун курамында жүргөн Борбор Азия өлкөлөрү өз алдынча команда болуп катышууга укук алышкан. Мурдагы оюндарга 7-10 өлкө гана катышса, Харбинде 17 мамлекеттин желеги көрсөтүлдү. Мөрөй талашууда Кытайдын спортчуларына казакстандыктар атаандаш болоорун далилдей алышты.

Харбиндеги Үчүнчү кышкы Азия оюндарында кыргыз туусу алгач ирет көтөрүлүп, чакан делегацияны Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Эшим Кутманалиев баштап барган. Кыргызстандык спортчулар Усубалиев, Абдулин, Буйков жана Борисов тоо лыжа мелдештерине катышып, чеберчилигин жогорулатышып, тажрыйба топтоп келишкен.

1999-жылы Түштүк Кореянын түндүк аймагындагы Кангвон шаарында Төртүнчү кышкы Азия оюндары болуп өткөн. Кардын аз болгонуна карабай, атаандашуулар курч мүнөздө болгон. Мында кытайлыктар биринчи, кореялыктар экинчи, япондор үчүнчү орунду ээлешкен. Казакстан өзүнө төртүнчү орунду камсыз кылган. Төртүнчү кышкы Азия оюндарына Кыргызстандан жалгыз тоо лыжачы Андрей Трелевский барган.

Азия аймагындагы спорт державасынын бири – Жапония быйыл 1-февралда Бешинчи кышкы Азия оюндарынын отун үчүнчү ирет жандырганы турат. Алгач Кыргызстандан Аоморидеги Бешинчи кышкы Азия оюндарына 7 спортсмен барууга даярдык көрүп жаткан. Алар, тоо лыжасы, биатлон жана трамплин боюнча мелдештерге катышууга ниет кылган. Тилекке каршы, каражат маселеси кендирди кесип, Аомори шаарына спортсмендерден жалгыз трамплинден секирүүчү Дмитрий Чвыков жөнөп кетти. Дмитрий 1996-жылы Харбинде өткөн Үчүнчү кышкы Азия оюндарында Казакстандын командасына 3 алтын медал жеңип берип, кышкы Азия оюндарынын чемпиону аталган. 3 жылдан бери Дмитрий Чвыков Кыргызстандын жарандыгын кабыл алып, Кыргызстандын намысын коргоп жүрөт. Ал Солт-Лейк-Сити олимпиадасына да катышкан. Аны Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Петр Цапля коштоп барды.

Кышкы спорттун жана кышкы Азия оюндарынын мааниси жөнүндө Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу, Бишкектеги Балдар спорт мектебинин директору Алмазбек Касенов мындай деди:

- Кыргызстанда кышкы спортко көңүл бурулбай келатканы өкүндүрөт. Нарын, Каракол, Чүйдөгү лыжа спорт базаларында кышкы спорт мелдештерин өткөрүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок, демилге колдоого алынбай келатат. Кыргызстандагы табигый шарт болсо да, кардан акча жасаганды, Азиянын ысык өлкөлөрүнүн спортсмендерин чакырып бирге машыгууну колго албай келатабыз. Кышкы Азия оюндарына бирин-экин гана спортчулар барып, бул оюндарга каражат бөлүнбөй келатканына кыргыз спорт жетекчилери күнөөлүү. Бул оюндар элдин намысы жана сыймыгы болууга тийиш эле. Кыргызстандын аймагы 90% тоодон тургандыктан кышкы спортту өнүктүрүү негизги милдеттердин бири болуш керек.

Жапониянын Аомори шаарындагы Бешинчи кышкы Азия оюндары 1-февралдан 8-февралга чейин улантылат. Мында кышкы спорттун 7 түрү боюнча мелдештер болмокчу. Кыргызстандын намысын коргоп жаткан Дмитрий Чвыковго ийгилик каалап, сүрөөнгө алып туралы.
XS
SM
MD
LG