БИШКЕК. «Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу», «Эл акыны», «Эл сүрөтчүсү», «Эл артисти», «Эл мугалими» наамдарына ээ болгон маданият жана адабият ишмерлеринин айлыктары 100% көтөрүлдү. Бул тууралуу жардыкка президент Аскар Акаев 31-январда кол койду. Президенттин ушул эле күнкү экинчи жардыгына ылайык калктын эмгекке жарамсыз катмарына ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пулдун өлчөмү 1-апрелден баштап 20% көтөрүлдү. Буга чейин ички иштер кызматкерлеринин маянасы 1-январдан баштап 50%, пенсия курагындагылардын пенсиясы 1-апрелден баштап 20% көтөрүлгөнү маалым болгон.
Эл жазуучуларынын, мугалимдеринин, артисттеринин маянасы, ишке жөндөмсүз жарандардын жөлөк пулдары көбөйтүлмөк болду