Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Президент А. Акаев Кыргызстан өз мамлекеттүүлүгүнө Орусиянын шарапаты менен ээ болгонун айтты


БИШКЕК. Орусия Кыргызстандын көп жылдан берки өнөктөшү жана Кыргызстан XX кылымда Орусиянын шарапаты менен өз мамлекеттүүлүгүнө ээ болду. «Кабар» маалымат агенттигинин ишемби күнү билдиргенине караганда, мамлекет башчысы Аскар Акаев жума күнү ага Орусиянын «Улуу Петр биринчи» атындагы эл аралык коомдук сыйлыгы тапшырылган учурда ушундай пикирин билдирди. Орусиянын бул сыйлыкты тапшырган фондунун өкүлү Виктор Засыпконун айтымында, ал Аскар Акаевге эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык, маданий карым-катнашты чыңдоого олуттуу салым кошкондугу үчүн ыйгарылды. Буга чейин аталган сыйлык Бириккен Улуттар Уюмунун Башкатчысы Кофи Аннанга, Дүйнөлүк Банктын башчысы Жеймс Вулфенсонго жана башка жетимиш адамга ыйгарылган.

XS
SM
MD
LG