БИШКЕК. Кыргызстандагы «Референдум тууралуу» мыйзамдын төртүнчү беренесине ылайык 2-февраль күнү республиканын жер-жерлеринде элдик референдумга байланыштуу ар кандай үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат. Мындай маанидеги билдирүүнү ишемби күнү Борбордук шайлоо комиссиясы таратты. Анын маалымат кызматынан билдиргенине караганда, жекшемби күнү Кыргызстандагы 2081, чет өлкөдөгү 24 шайлоо чөлкөмдөрүндө добуш берилет. Добуш берүүгө өлкөнүн 2 миллион 500 миңден ашуун атуулу катышууга укуктуу.