Кошмо Штаттардын мурдагы президенти, 2002-жылкы тынчтык жаатындагы дүйнөлүк Нобель сыйлыгынын ээси Жимми Картер АКШ администрациясы Иракка каршы озунуп согуш ачууга жетиштүү далил келтире элек деп эсептейт. Жума күнү кечинде жасаган билдирүүсүндө Картер Иракта Бириккен улуттар уюмунун курал-жарак инспекциясын улантууга үндөдү. Кечээ түштөн кийин Европанын бир нече шаарларында Ирак согушуна каршы демонстрациялар болуп өттү. Женевада андай акцияга 4000дей адам, алардын көпчүлүгү студенттер менен мектеп окуучулары, Словениянын борбору Люблянада 600дөй киши, Берлиндеги АКШ элчилигинин алдында өткөн пикетке дагы жүздөгөн адамдар катышышты.