Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:56

ОРУСИЯДА СТАЛИНГРАДДЫК КАРМАШТЫН 60 ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛӨӨ


Муса Мураталиев, Москва Экинчи дүйнөлүк согушта фашисттик баскынчылардын мизи алгачкы жолу майтарылган жер - Волга дайрасынын боюндагы шаар жана анын айланасы болгон. Ал калаа совет элинин аң сезимине бекем орногон Сталинград эле. Ал кырчылдашкан салгылашта баскынчы фашисттер ири жеңилишке дуушар болгон күн - советтик армиянын алгачкы жеңиш күнү болгон...

Экинчи дүйнөлүк согушта фашисттик баскынчылардын мизин алгач жолу кайтарган жер Волга дайрасынын боюндагы калаанын жанында болгон. Ал калаа совет элинин аң сезимине бекем орногон Сталинград эле. Ал күн советтик армиянын алгачкы жеңиш күнү болгон. Ошондуктан Орусияда 2-февраль жыл сайын майрам күн болуп келет. Быйыл өлкөдө ошол салгылашуудагы жеңиштин 60 жылдыгы белгиленди.

Совет эли фашизм баскынчылыгынын мизин алгач ирээт кайтарган күн 2-февраль болгон. 1943-жылы туура 200 күн 200 түн айыгышкан кармашта, чындыгында, ал кездеги Сталинград калааасы үчүн талаш жүргөн. Кармаш катуу болгон. Маселен, азыркы иликтөөгө алуучулар ал жолку урушта курман болгондордун эсеби миллион кишиден ашык дешүүдө. Ал күнү Гитлердин оң колу болуп эсептелген армиянын генералы Паулюстун аскерлери колго түшүрүлгөн. Аны советтик жетекчилер жакшы жышаан катары баалашкан жана фашизмдин кайратын сындыруу чынында эле 2-февралдан тартып болгону белгилүү. Андан ары советтик армиянын чабуулга өтүүсү башталган жана ал акыры келип Берлинде Рейхстаг төбөсүнө туу саюу менен тамам болгон.

Волгоград калаасында, жекшембиде, «Мамай дөбөсүнө» гүл коюу каадасы менен баштаган «Сталинграддык согуштун 60-жылдык тою» белгиленди. Мааракеге алыстан ат арытып келген меймандардын бири президент Владимир Путин болду. Ал чогулган согуш ардагерлеринин алдында сүйлөгөн сөзүндө 1941-жылкы фашизмдин өлкөгө басып киришин азыркы террорчулардун капилеттен кол салуусуна теңеди:

- Дайыма террорчулар 30-40-жылдардагы нацисттер сыңары элди боштондукка чыгаруу миссиясы үчүн иш кылып атабыз дешет, бирок чындыгында алар өздөрүнүн (кылмыштуу) колу-жолун бошотуу үчүн күрөшүшөт.

Андан аркы сөзүндө президент ал согушту башынан өткөргөндөр көңүлүнө майдай жаккан бир ооз сөздү кошту:

- Кымбаттуу сталинградчылар! Сиздердин алдыңарда башымы ийемин. Көп жаш, ден соолук каалайм! Кымбаттуу достор, майрамыңыздар менен куттуктайм!

Тарыхка жазылган «Сталинграддык кармашка» катышкандар ал күнү мамлекет тараптан 1500 рубль чөнтөк пул алышты. Бир шишеден арак, бир кутудан таттуу жана башка тамак-аш да шыбагаланды.

Эл баатырларына айланган карыялардын самаганы башка экенин басма сөз каражаттары жазышат. Алардын бир тобунун көксөгөнү - Волгоградга эски аты Сталинградды кайтарып берүү дешүүдө.

Ушул маселенин жөнү барбы же жокпу деген суроо коюп, Бүткүл орусиялык коомчулуктун пикирин изилдөө борбору (ВЦИОМ), бул күндөрү элдердин пикирин иликтеген. Ал иликтөөгө катышкандардын 53 пайызы калаага мурдагы атын берүү керек деген. Каршы чыккандар 31 пайызды түзгөн. Сурамжылоого өлкөнүн бардык булуң бурчунан 1580 киши катышкан.

Ушундай өтүнүчтөргө таянып, Волгограддык областтык дума калаанын атын Сталинград деп кайра атоо үчүн уруксат сурап, президентке кат жөнөткөн. Ошол өтүнүчтү эске алып, Путин аларга «сталинграддыктар» деп кайрылды деген жоромол да айтылууда.

Президент Ельциндин тушунда бута атым жолоттурбаган Советтер Бирдигинин гимнинин обонун орусиялык гимн кылып кабыл алдырган, советтик кызыл байракты армиянын бир тармагына кайтарып берүүнү колдоп аткан президент Путин, балким, Сталинград деген атты Волгоградга кайтартып деле салышы ыктымал, - дешет айрым жергиликтүү адистер.
XS
SM
MD
LG