Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

КЫРГЫЗСТАНДА АЖЫЛЫККА БАРУУНУ КААЛАГАНДАР КӨБӨЙДҮ


Жылдагыдай эле быйыл да дүйнө жүзүндөгү миллиондогон мусулмандар ыйык Меке шаарына ажылык парызды аткаруу үчүн сапар тартышты. Эгер өткөн жылы Кыргызстандан 1500дөй адам ажылыкка барып келсе, быйыл мусулманчылыктын бул парызын аткарууну каалагандардын саны 2700гө жетип, алардын баары ыйык Меке менен Мединага аттанышты.

Ыйык Мекеге барып, Каабанын кара ташына зыярат кылуу чама-чаркы бар, ден соолугу чың ар бир мусулман баласынын парзы. Каабанын кара ташын Жаратканга сыйынуучу ыйык жайлардын эң алгачкыларынын бири дешет. Ажылыкка баруу – бул бир эсе дини, дили бир жалпы мусулмандардын эл аралык жыйынына катышкандай эле кеп. Дүйнөнүн булуң-бурчунан Мекеге келген миллиондогон мусулмандар бул жерде Алла Таалага сыйынуу менен бирге эле, башка өлкөлөрдө эмне жаңылыктар болуп жатканынан кабар алып, билимин тереңдетүүгө, башка мусулмандар менен бир ымалага келип, мамиле түзүүгө уникалдуу шанс алышат.

Бир эсе ажылык, арбагы колдосун, Мухаммед пайгамбардын өзү сыйынган жерде Алла Таалага жакындашуунун эң ардактуу да, купуя сырдуу да жолу. Мекеге келген ар бир адам бийлик даражасына, бай-кедейлигине карабай, бул дүйнөгө жылаңач келгенин жана да андан жылаңач кетээрин түшүнүп, ошонусу менен ал Жараткан алдында жасаган жаман-жакшысын таразалап алууга ниет кылат.

Кыргызстанда кудай жолуна түшүп, мына ушул ыйык парзымды аткарайын дегендердин катары жыл өткөн сайын арбып баратканы быйыл муслмандарды ажылыкка аткаруу маалында билинди. Ажылыкка жөнөтүүнүн быйылкы каадасы тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Муратаалы Жуман уулу “Азаттыкка” буларды айтты:

- Бисмиллахи р- рахмаании р-рахиим. Алла-таалам Куранда айткандай, ажылыкка баруу парыз. Эгерде ар бир адамдын күчү, дүнүйөсү болсо жана ден-соолугу чың болсо, анда ал өмүрүнүн ичинде бир ирет ажылыкка барышы керек, бул анын милдеттүү парзы. Ал эми кишинин мүмкүнчүлүгү болсо, кайра-кайра ажылыкка барса болот, бул сүннөт же сооп болот. Ажылык бир жылда бир ирет болот – бул Курман айт күндөрүнө туура келет, - деген МуратаалыЖуманов өз сөзүн андан ары минтип улантты:

- Ажылыкка учак менен да, автоунаа менен барууга да болот. Баасы башка өлкөлөргө - Түркия, Иран, Өзбекстан жана Казакстанга салыштырмалуу Кыргызстанда арзан. Автоунаа менен 750 доллар. Учакка келсек, Мекенин өзүнө төрт жылдан бери учак жок болуп жатат, ошондуктан кыргызстандыктар 2 жылдан Дубай аркылуу барып жатышат, анын баасы – 1200 доллар. Быйыл ажылыкка барууну каалагандардын саны былтыркыга караганда эки эсе көп болуп, 2700дөй адамды ажылыкка аттандырдык.

Мекеге буга чейин эки ирет барып келген Абдыжапар ажы Алымсак уулу мусулманчылыктын бул парзы адамга дем берип, энеден кайра туулгандай тазартат дейт:

- Ажылык бул – мусулмандын бешинчи парзы. Мекеге барган инсан энеден кайра төрөлгөндөй тазарып, баардык күнөөлөрү кечирилет деген. Каабанын кара ташын көргөндөн кийин эле кааласаң да, каалабасаң да көзүңө жаш келип, адамга чоң таасир берет. Мен өзүм 1996-жылы жана былтыркы жылы барып келгем, баардык эле ажылыкка барып келген адамдардай менде да бир милдетимен кутулдум деген чоң кубаныч жана ишеним бар.

Мусулмандардын Курман айт майрамы быйыл 11-февралга белгиленди. Өкмөт алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Өмүрзак Мамаюсупов эмне себептен бул майрам быйыл 11-февралга туура келгени тууралуу мындай түшүндүрмө берди:

- Курман айт былтыркы жылы 12-февралда белгиленген. Быйыл 11-февралга белгиленди, себеби, жыл сайын курман айт Өзбекстанда Кыргызстанга жана Казакстанга караганда бир күн эрте болчу. Быйылкы жылы бул айырмачылык өкмөттүн токтому менен жоюлду да, курман айт 11-февралга белгиленди.

Мамаюсуповдун айтымында, Кыргызстандын Эмгек кодексинде Курман айт майрам күнү деп жазылган:

- Ошондуктан, буга чейин деле жыл сайын курман айт күнү кызыл менен белгиленип келген. Быйылкы жылдын бир өзгөчөлүгү – коңшу өлкөлөр менен макулдашылып, айдын кандай жаңырганын эсепке алып, - ал эми өзүңүздөр жакшы билесиздер, мусулмандык ай календарына негизделген ай бир жолкусунда 27 күндө, айрым учурда 28 күндө барып бир жаңырат эмеспи, - бул майрам быйыл 11-февралда белгиленмек болду.
XS
SM
MD
LG