Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Нарын областында тергөө абактарындагы адамдардын укуктарын коргоо боюнча долбоор иштей баштады


НАРЫН. Нарын областында ЕККУнун колдоосу менен тергөө абактарындагы адамдардын укуктарын коргоо боюнча долбоор ишке аша баштады. Анын негизги милдеттери - убактылуу камакка алынгандардын укуктарын коргоого тоскоол болуп жаткан жагдайларды юридикалык жолдор менен четтетүү, аларга укук маселелери боюнча консультация берүү жана убактылуу кармоочу жайлар менен коомчулуктун байланышын жолго салуу. Бул тууралуу маалымат 4-февралда «Кыргызстандын жаш юристтери» коомдук бирикмесинин Нарындагы бөлүмүнөн алынды. Долбоорду ишке ашырууга «Евразия» фонду, Америкалык юристтер ассоциациясы жана Хельсинки шаарындагы Адам укуктарын коргоо боюнча фонд да көмөк көрсөтүүдө.

XS
SM
MD
LG