Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Алманиянын пикиринде, Ирак маселесин тынчтык жолу менен чечүүгө дагы мүмкүн


Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде азыр Алмания төрага. Эле Колин Пауэлл маалымат берип жаткан жыйынга Алманиянын тышкы иштер министри Йошка Фишер төрагалык кылды. Фишердин жыйын алдында айтканына караганда, Ирак маселесин тынчтык жолу менен чечүү үчүн дагы эле мүмкүндүк бар жана эл аралык текшерүүчүлөргө кошумча убакыт берилиш керек. Улуу Британиянын тышкы иштер министри Жек Строунун пикиринде, мындан бир нече апта мурдараак абалга караганда, Иракка каршы согуштун ыктымалдуулугу азыр алда канча жогору. Андан тышкары, президент Саддам Хусейндин өкмөтү эл аралык террорчулардын Иракта жайгашканына да жагымдуу шарт түзгөн.

XS
SM
MD
LG