Шаршембиде Бакудан 25 чакырым алыстыкта жайгашып, Каспий деңизин жээктеген Нардаран кыштагында жумурияттын коопсуздук күчтөрү милициянын коштоосунда атайын рейд өткөрмөкчү болгон. Бакудагы жетекчилер Нардаран кыштагын көптөн бери исламчыл радикал күчтөрдүн чордону деп эсептешет. Өткөн жайда милиция кызматкерлери шектүү экстремисттерди колго түшүрүү максатында Нардаранга барганда, анда да кыштактын тургундары менен тирешүү келип чыгып, ал жолку тополоңдо бир киши набыт болуп, 15 чакты адам жараат алышкан.
Нардарандыктар шаршемби күнкү рейд – кыштактын бейрасмий лидери, Азербайжандын исламчыл партиясынын төрагасы Нуриев Хажи Хажиаганы кармап кетип, түрмөгө отургузууну көздөгөн деп эсептешет. Ички иштер органдары болсо, соңку аракеттер Нардаранда жашырынып жүргөн шектүү кылмышкерлерди колго түшүрүүгө багытталганын айтышат.
Эмнеси болсо да, куралдуу кагылышуу, 23 жарадарды ооруканага жеткирүү менен аяктаган 5-февралдагы рейдден кийин Азербайжандын Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратурасы биргелешкен билдирүү таратып, анда нардарандыктар милиция кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөткөндүктөн, мыйзам сакчылары элге каршы резина таяк, көздөн жаш агызчу газ жана резина окторду колдонууга аргасыз болгону баяндалат. Окуяны өз көзү менен көргөн нардарандыктар болсо, "Азаттыктын" кабарчысы менен болгон маегинде чак түштө 5-6 автобустан топурап түшөөр замат, кара беткапчан милиционерлер асманды аткылап, чогулуп турган элди четинен сабап киргенин айтып беришкен.
Бакунун өкүлдөрү бул күнкү кагылышууда шаардын 10 жашоочусу жарадар болуп, 8 киши камакка алынганын айтса, Нардаранга барып, эл менен жолугушкан "Азаттыктын" кабарчысы 17 жергиликтүү тургун жана 6 милиционер жараат алганын билдирет. Бакулук гезиттер бейшембиде жарыялаган Нардаранда кармалган 8 адамдын тизмесинде исламчыл партиянын лидери Хажи Нуриевдин ысымы жок.
Хажи Нуриевдин иши мындан бир апта мурун Азербайжандын Аппеляциялык сотунда каралып, облустук соттун аны пара берүүгө аракеттенген үчүн деген кине боюнча түрмөгө кескен өкүмү өзгөртүүсүз калтырылды. Нардарандын бейрасмий лидери бул сотторго катышкан жок, Аппеляциялык сот өз чечимин жарыялап жатып, өлкөнүн Башкы прокуратурасын Нуриевди 12-февралга чейин колго түшүрүүгө милдеттендирген.
Азербайжандын коопсуздук күчтөрүн шаршемби күнү Нардарандын башкы аянтында чогулган 3000дей адам тозуп алышты. Дегинкиси, Бакуга тушташ жайгашкан бул шаар тибиндеги кыштак Азербайжан бийликтеринин баш оорусуна айланганы көп болду. Илгертен азербайжандык мусулмандар аруу тилектер аткарылат деп сыйыныш үчүн жакын жана алыс жерлерден үзбөй каттачу Нардаран кыштагы азыр да чөлкөмдөгү диний борборлордун бири. Азербайжандагы белгилүү медреселердин бири дал ушул кыштакта ачылган. Динчил деп саналганы менен, нардарандыктар жашоодогу кыйынчылыктар, жумушсуздук, таза суу, электрэнергия, жылуулук өңдүү социалдык талаптары менен улам бир нааразылык акцияларын өткөрүп турушат.
Бакудагы жетекчилер болсо, Нардарандагы митинг-демонстрациялардын артында исламчыл радикал топтор, коңшулаш Ирандагы консервативдүү күчтөр, ал эмес Ал-Каида уюму турат деп да жүрүшөт. Жергиликтүү калк мындай айыптоолордун баарын четке кагып, фундаменталисттик кыймылдар менен эч байланышы жоктугун айтышат. Азербайжандык оппозициячылар Баку нардарандыктардын социалдык талаптарын, саясий активдүүлүгүн басыш үчүн аларды диний радикалдар деп айыптап келатканына көңүл бурушат.
Өткөн жайда 1 кишинин өлүмүнө алып келген кагылышуулардан кийин өлкөнүн коопсуздук күчтөрү Нардаранды тегерете курчап алып, кыштактын жашоочулары талаага эккен жашылча-жемишин чогулта албай, балыкчылардын кайыктары жээкке байланган бойдон туруп калган. Азербайжандык милиционерлер элди уруп-сабаган ал коогалуу окуяларды Европа Кеңеши жана ОБСЕ уюму кескин айыпташкан.