Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:43

РЕФЕРЕНДУМ ӨТТҮ. ӨТӨЛГӨСҮ КАНДАЙ БОЛОТ?


Кыргызстандагы референдумдун жыйынтыктары Батыштагы эксперттер чөйрөсүндө да комментарияларды пайда кылды. Борборазиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы коомдук-саясий процесстерге агылгалап байкоо салып жүрүшкөн айрым эксперттердин пикирлерин жакында EurasiaNet интернет басылмасы жарыялады.

Эксперттердин ой-пикирлери менен тааныштыруудан мурда референдумга кыргыз бийликтери өздөрү кандай баа беришти, ушуга учкай токтоло кетели. Президент Аскар Акаев, атап айтканда, улуттук телеканалдагы сөзүндө жалпы элдик референдум өлкө үчүн анык тарыхый окуя болгондугун белгиледи. Кыргызстан, президенттин сөздөрүнө ылайык, постсоветтик мейкиндиктеги көз карандысыз өлкөлөрдүн ичинен биринчи болуп жаңы мезгилдин - туруктуу өнүгүү мезгилинин Конституциясына ээ болду. Референдумдун эл аралык эң чоң маанисин кыргыз президенти мына ушундан көрөт. Акаевдин сөздөрү боюнча, референдум өлкөдөгү демократиялык негизги жетишкендиктерди ого бетер бекемдеди, адам укуктары менен эркиндиктерин коргоодогу ири кадам болду. Ошону менен бирге кыргызстандыктар реформага каршы чыккандарга, өлкөдөгү саясий туруктуулукту бузууга, референдумду үзгүлтүккө учуратууну же аны мыйзамсыз деп жарыялоого умтулган оппозициялык күчтөргө айкын жана ачык позициясын билдирди. Шайлоочулар, деп айтты Акаев, элдин ынтымак-ырашкерлеригине доо кетирген күчтөргө “жок” деп кескин жооп берди”. Президент келтирген маалыматтарга караганда, добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 86 процентке жакыны катышты, анын 76 проценттен ашыгы референдумга коюлган эки маселеге тең колдоо билдиришти. Бирок оппозициянын өкүлдөрү добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 40 процентке жетпегени эле катышты деп ырасташат.

Бейтарап байкоочулардын болжолунда реалдуу көрсөткүч ушул эки цифранын ортосунда тургандай көрүнөт. Америкалык саясат иликтөөчү Кэтрин Фицпартик өкмөт кантсе да добуштардын көбүрөөгүн алса керек деп болгоолойт, бирок цифралар кандай болгон күндө да референдум коомдогу стабилдүүлүккө көмөктөшөрүнөн күмөнсүнөт. Бир катар эксперттердин эсептеринде, президент Акаев референдумда алган мандатты пайдаланып, саясий аренаны өзүнүн обурлуу оппоненттеринен арылтканга аракеттениши мүмкүн. Баарыдан мурда парламент таркатылат болуу керек деп болжогонго жетиштүү жүйөөлөр бар. Кокус иш ушундай оролго түшчү болсо, эксперттер өкмөт парламенттик жаңы шайлоонун жыйынтыктарын да бурмалай турганынан шектенишпейт. Фицпатриктин апаздарына караганда, атүгүл референдумдан кийинки саясат оппозицияны ого бетер радикалдаштырып салышы ыктымал. Эгер оппозиционерлер куугунтукка алынса, бул алардын ориентациясын өзгөртөт жана аларды анчейин демократиялык жосундагы аракеттерге түртөт, деп эскертет Фицпатрик. Кырдаалды мындай кыяпка жеткирбес үчүн, Фицпатриктин оюна ылайык, президент Акаевдин өкмөтүнө азыр эл аралык коомчулуктун активдүү кысымы зарыл эле. Тилекке каршы, ушу тапта кыргыз өкмөтүн ай-үй дей турган да эч ким табылбайт. Кошмо Штаттары, европалык өлкөлөр Ирак менен алышып, буга буямасы келбей калышы ыктымал, деп кошумчалады Фицпатрик. Иши кылып, Фицпатриктин парасатында Кыргызстанда референдумдан кийин “капсалаң алдындагыдай” кырдаал түзүлдү. Өкмөт менен оппозициянын омуроолошкон мамилеси өтө өтүшүп кеткендигин эске алганда, Фицпатрик азыркы кырдаал күтүүсүз жерден саясий зобун-зомбулукка айланып кетиши ажеп эмес деп эсептейт. Мындай ойлорго Гарвард программасынын Борборазия жана Кавказ региону боюнча директору Жон Шоберлайн да кошулат. Өкмөттүн жолой-жосунан эми өмгөккө салган өнөгөлөрдү күтсө болот, деп айтты Шоберлайн.

7-февраль күнү Кыргызстандын элдик ассамблеясы АКШнын улуттук демократия институтун референдумдун ишине одоно кийлигишти, өлкөнүн коомун бөлүп-жарганга жана кош стандарт саясатын таңуулаганга аракет жасады деп кескин айыптап, атайын билдирүү таркатты. Билдирүүдө Улуттук демократия институтунун позициясы “жогорку тараптын демилгеси” деп аталды. Бирок андай жогорку инстанциянын аты айтылган жок. Улуттук демократия институту Кошмо Штаттардын өкмөтүнө карабаган, көз карандысыз уюм.

XS
SM
MD
LG