Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:07

ААРОН РОДЕС: ТҮРКМӨНСТАН - ӨЛКӨ ЭМЕС, ТҮРКМӨНСТАН - ТҮРМӨ


Нарын АЙЫП, Прага Түркмөн жетекчилиги өткөн аптада атайын чечим кабыл алып, өлкөгө келип-кеткен чет өлкөлүктөр үcтүнөн көзөмөл жүргүзүү үчүн атайын мамлекеттик уюм түздү. Тышкы иштер министрлиги болсо, дүйнө маалымат каражаттарына кайрылып, Түркмөнстан жөнүндө туура эмес маалымат бербөө тууралуу эскертти. Ошол эле учурда, жогорку кызматтагылар эми жыл сайын мамлекеттен жаңы "Мерседес" машинелерин алып турмакчы.

Ансыз деле мурда авторитардык тартиби үчүн сынга алынып келген Түркмөнстандын бийлиги өткөн ноябрдан бери өз саясатын ого бетер катуулантты. Өкмөттүн айтымында, 25-ноябрда президент Сапармурад Ниязовдун өмүрүнө кол салуу болгон жана аны уюштурууга чет өлкөлүк жарандар да катышкан. Оппозициянын айтымында, ал окуяларды өкмөт өзү уюштуруп, аны эми - бийлик менен макул болбогондорго каршы пайдаланууда.

Кол салууну уюштурууга катышкан деп бардыгы болуп 51 адам соттолду, алардын бир тобу сотко келген жок, анткени сыртта жашайт. Бийликтин колуна өз ыктыяры менен түшүп берген мурдагы тышкы иштер министри Борис Шихмурадов өмүрүнүн аягына чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылды, ошондой эле чечим - сотко келбеген Кудайберди Оразов менен Нурмухамед Ханамовко каршы да кабыл алынды. Оразов мурда өлкөнүн Борбордук банкын жетектеген, Ханамов болсо, Түркмөнстандын Түркиядагы элчиси болгон.

Түркмөн парламенти жакында кабыл алган жаңы мыйзам боюнча, мамлекеттик чыккынчылык деген түшүнүккө жаңы аныктоо берилди. Мындан ары - төңкөрүш же мамлекеттик сырларды чет өлкөлөргө берүү гана эмес, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана президенттин саясатынан күмөн саноо да чыккынчылык болуп эсептелинет.

Вена шаарында жайгашкан "Эл аралык Хельсинки федерациясынын" аткаруучу деректири Аарон Родестин айтымында, бул жаңы мыйзам өлкө жетекчилигинин жалпы авторитардык саясатына төп келишет:

- Мыйзамда келтирилген бир да аныктоо так эмес жана мындай жагдай дайым тоталитардык бийликтин кызыкчылыгына кызмат кылат, анткени өкмөт андай мыйзамдарды өз каалаганындай колдоно берет. Бул абдан коркунучтуу мыйзам, менин оюмча, эми өлкөдө эч бир адам өзүн коопсуз абалдамын деп сезе албайт.

Өткөн аптада Түркмөнстанда - жаңы өкмөттүк уюм түзүү тууралуу да чечим кабыл алынды. 1-марттан тартып ишке кирише турган "Чет өлкөлүктөрдү каттоо боюнча мамлекеттик кызмат" деп аталган уюмду тышкы иштер министри Рашид Мередов жетектейт жана ал сырттан келгендерге көзөмөл салат. Бул уюм эми - чет өлкөлөрдөгү элчиликтерге кайрылгандардын кимисине түркмөн визасын берүү, кимисине бербөө маселесин да чечет.

Президент Ниязовдун айтымында, жаңы кызмат азырынча алты айлык мөөнөткө уюштурулууда:

- Биз жаңы мамлекеттик уюм түзүп жатабыз, ал алты ай иштейт. Бирок чек ара кызматы, бажы, ички жана тышкы иштер министрликтери, коопсуздук комитети өздөрүнүн көзөмөл иштерин уланта берет. Биз эмгиче бардык нерсени көзөмөлгө алууга жетише элек экенбиз.

Аарон Родестин айтымында, мындай чаралар менен түркмөн өкмөтү - ал элдин эмес, бийликтин гана кызыкчылыгында аракеттенгенин далилдейт:

- Түркмөнстан - кадимки түшүнүктөгү өлкө эмес, ал бир жеке менчиктеги түрмөгө окшош. Өлкө жарандары жер которуу эркиндигине да ээ эмес.

Президент Ниязов өткөн аптада өз жардамчыларына дагы бир жаңы тапшырма берди. Алар эми Түркмөнстан тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттарына чыккан макалалардын баарын текшерип, туура эмес маалыматтарды дароо жокко чыгарып турууга тийиш. Тышкы иштер министрлиги негизги эл аралык маалымат каражаттарына атайын кат жиберип, алардан - өлкө жөнүндө туура гана маалымат берип турууну талап кылды. Президент Ниязовдун жаңы планы боюнча болсо, ар бир министр, комитет жетекчиси жана акимдер мындан ары мамлекеттен жыл сайын жаңы "Мерседес" алып турат, анткени жакшы иштегендерди өкмөт баалаш керек.

XS
SM
MD
LG