2-февралдагы референдум сурамжылоосун адегенде облустагы жогорку окуу жайларынын студенттеринен жана Жалалабаттын жаш тургундарынан баштадык. Алардын айрымдары референдум өлкөнүн келечеги үчүн маанилүү экендиктерин жеткилең түшүнүшөөрүн, бирок ага катышууга чолоосу тийбегендигин, кээ бирлери билим алуу - саясаттан да маанилүү экендиктерин айтышты. «Биздин барган-барбаганыбыздан маселе чечилбейт» дегендер деле кыйла экен.
Облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Бегимкул Төрөгелдиев ажынын пикирине караганда, облус карыялары референдумду чогуу колдошту. Төраганын өзү добуш берген Сузак районундагы «Көгарт» шайлоо участкасында кары-жаш, аксакалдар президенттин бийликти парламент менен өкмөткө бөлүштүргөндүгүн жакташты.
Б.Төрөгелдиевдин айтымында: «Парламентке, президентке, өкмөткө бийлик ыйгарымын референдумда кайра бөлүштүрүп берип, эми калк калган иш жакшы кетиш керек деген ойдо болду».
«Атамекен» социалисттик партиясынын Базаркоргон районундагы Рустам Бейшембиев, Бусурманкул Айтбаев, Абдимиталип Насиров жана Кубатбек Артыковдун билдирүүсүнө караганда, «Сейдикум» жана Абдураимов атындагы айыл өкмөттөрүндө партиянын байкоочуларын шайлоо чөлкөмүнөн чыгарып ийишкен. Эми алар «Комсомол», «Правда», «Тоскоол» участкаларындагы мыйзам бузууларды териштирүү үчүн сотко кайрылышмакчы.
Облустук референдум комиссиясынын төрагасы Нурмамат Ашымов эки байкоочунун өз милдетин аткарууга убактылуу киргизилбегенин төмөнкүчө ырастады:
- «Атамекен» социалисттик партиясынын эки байкоочусу чыгарылганы туура. Себеби, адегенде алардын күбөлүктөрүндө байкоого алуучу участканын номери так көрсөтүлгөн эмес. Мыйзам талабы боюнча байкоочу паспорт, күбөлүгүн көрсөтүшү зарыл. Документтерине тактоо киргизилген соң алар референдумду байкоосун 2-3-сааттан кийин кайра улантышты» .
Облустук шайлоо комиссиянын жетекчиси референдумду көзөмөлдөө боюнча республикалык штабдын «референдумга 40 пайыз эл катышты» деген бүтүмүнө кошула албайт. «Куру дооматтын кереги жок. Эл референдумда өздөрүнүн калыс пикирлерин айтышты» - дейт Нурмамат Ашымов.
Эркин журналист Жалил Сапаров мурдагы 1998-жылкы референдумдан айырмаланып, бул референдумда өзгөртүү-толуктоолор эки суроонун айланасына топтолгон себептүү ага катышпагандыгын айтты:
- Кайсы суроону колдоорумду билбедим. Ошондуктан референдумга баруунун кажети жок деп чечтим. Аскар Акаев президент боло туруп, эмне үчүн ыйгарым укугун мөөнөтүнүн сонуна дейре калтырууну сураганын түшүнбөдүм.
Облустагы жаштар комитетинин төрагасы Нариман Кадырбеков Башмыйзамдын жаңы редакциясын кубаттаган жаштар добуш берүүгө катышты деп эсептейт:
- Жаштарды жакшы эле катышты деп айтам. 2-февраль күнү Аксы районундагы 335-Каражыгач шайлоо участогуна бийлик өкүлү катары барып, буга чейин айылда туура эмес үгүт жүргүзүлгөнүн уктум. Референдумга катышып, «ооба» деп жооп бергенди Аксы окуясында курман болгон 6 баланын арбагы уруп кетсин» деп бата кылышкан экен, бул, албетте туура эмес. Референдумга катышкан да, ага добуш бербеген адамдар да, баарысы чогуу - эл. Айылда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү начар иштеген. 1364 шайлоочунун 89у референдумга келип, алардын 52си «макул» болуп, 27 адам каршы чыкты.