Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:46

БИШКЕКТЕ МУСУЛМАН АЯЛДАРЫНЫН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТТҮ


10-февралда аялдардын диний эркиндигин коргогон «Мутакалим» коомдук бирикмеси конференция өткөрдү. Ислам динин туткан аялдардын калың катмарынын башын бириктирген бул уюм мындай жыйынды өткөн жылы Курман айттын алдында алгачкы ирет өткөргөн эле.

“Адамдардын ортосундагы мамиле” деген маанини берген «Мутакалим» уюму 1999-жылы түзүлүп, ошондон бери ислам динин туткан аялдар менен иш жүргүзүүдө. Уюмдун жетекчилеринин бири Гүлмира Эшимкулованын айтымында, уюмдун негизги максаты - аялдарга Курандын толук түшүндүрмөсүн айтып берүү жана аялдарга моралдык жактан колдоо көрсөтүү.

Байкоочулар болсо бул уюмду диний багытта кадыресе салабаттуу иш жүргүзгөн бирикме катары белгилеп жүрүшөт. Муну ириде ага тартылган аялдардын көптүгү менен да байланыштырышат. Маселен, жетекчиликтин маалыматына караганда, аялдардын бул коомдук уюмунда 600дөн ашык адам каттоодо турат. Ал эми Курман айттын алдында өткөн конференцияга 1700гө чукул аял катышты. Жыйында зыяратчылыктын жолдору, алдыда турган Курман айт, арапа, башкача айтканда, Айбашы күндөрүнүн маани-маңызы талкууланды. Бул жолугушууга ислам динин туткан аялдар чөйрөсүнөн тышкары, Кыргызстанда иштеген диний жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн жоон тобу катышты. Конференция Анарбай Карынын Куран окуусунда башталды.

Конференциянын жүрүшүндө Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын муфтийи Муратаалы ажы Жуманов кеңири сөз сүйлөп, мусулмандардын ажылык сапарынын жол-жобосу, шарттары тууралуу кеңири маалымат берди. Анын айтымында, жылдан-жылга Меккеге барчулардын саны арбып, алар мусулмунчылыктын парзын аткарып жатышат. Учурда Мекке, Мединада 3 миңге жакын кыргызстандык жаран зыярат кылып жүрүшөт.

- Бүткүл дүйнөдө ажылыкка баруу боюнча Кыргызстандагыдай шарт түзүлгөн жок. Каалагандар учак менен да, автобус менен да барып жатышат. Ал жерге барыштын максаты - Алланын парызын аткаруу, ибадат. Кээ бир инсандар арасында муну кесипке айландырып, өзбекче айтканда, шухратка айландырып жаткандар да жок эмес, - дейт ал.

Муфтий өз сөзүндө аялдардын ислам дининдеги ордун да жогору баалады:

- Бул дүнүйө, бул коомчулук 100 пайыз силер тарапта. Таалим-тарбиянын, ыймандын токсон пайызы сиздердин колуңуздарда болгон үчүн пайгамбар Мухамбет Алейсалам «дайыма аялдарды урматтагыла» деген.

Ажылыктын жана Курман айт майрамынын жөн-жайын ушул эле конференцияда Жаштардын бүткүл дүйнөлүк ассамблеясынын президенти Саид Аль-Баюми да кеңири айтып берди. Ал өз сөзүндө ислам дини кан төгүүлөрдү, карама-каршылыктарды колдобостугун белгилеп, Кыргызстандагы мусулман аялдарды, жалпы кыргызстандыктарды жана президент Аскар Акаевди Курман айт майрамы менен куттуктады. Ал Айт күнүн мусулман баласы таза жуунуп, намазга баруудан башташ керек экендигин түшүндүрдү:

- Күн эң биринчи тазалык менен, жуунуу менен башталат. Бул күнү кийимдердин эң жакшысы кийилет. Айт намаз окулган жерге ошол жакшы кийимдерди кийип, жакшы атырларды себинип барышат.

Кыргызстанда эгемендүүлүк жылдары ислам динине ниет буруп, аны урматтаган жарандардын саны кескин өстү. Бул туурасында конференцияда кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары Жамыбек Ботоев билдирди. Анын айтымында, азыр Кыргызстанда мурдагы 39 мечиттин ордуна 3 миңге жакын мечит, алардын ичинен каттоого алынганы 1300, 10 ислам институту, 40 медресе пайда болду. Дин комиссиясынын өкүлү жагдайды калкы беш эседен көп коңшу Өзбекстан менен салыштырды.

- Бизде болгону беш миллион элибиз болсо, Өзбекстанда 27 миллион эл бар. Алардын ислам боюнча болгону бир институту, бир университети бар. Он эле медресеси бар.

Конференцияда Кыргызстан аялдарын Курман айт майрамы менен Түркия элчилигинин, Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкек кеңсесинин өкүлдөрү да куттукташты.

Ушундай эле куттуктоону жамы мусулман аялдарына «Мутакалим» прогрессивдүү коомдук бирикмесинин төрайымы Жамал Фронтбек кызы жолдоду.

- Сиздерди «Мутакалим» прогрессивдүү коомдук аялдар бирикмесинин атынан жана өзүмдүн атымдан улуу Курман айт майрамыңар кут болсун демекмин. Ушул Курман айтта Алла-Таалам сиздерге бардык жакшылыктарды алып келсин.

Конференция ыйык Курандан үзүндү окуу менен жыйынтыкталды.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG