Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:16

НАТО мүчөлөрү арасындагы келишпестик


Непада АКШ башындагы күчтөр Иракка каршы согуш ачса, НАТОнун Түркияны коргоо планынын түзүүсүнө Франция, Германия жана Бельгия каршы чыкты.
Белгиянын тышкы иштер министри Луис Мишелдин билдиришинче, Түркияны коргоонун планын түзүүгө киришүү, Ирак согушу сөзсүз болот деген жаңылыш пикирди жаратат.
Түркия НАТОго кайрылып, согуш капылет башталып калса, өлкөгө чалгындоочу самолетторду, зениттик-ракеталык бөлүктөрдү, химиялык жана биологиялык чабуулдардан коргонууга зарыл жабдыктарды жиберүүнү өтүнгөн эле.
Франциянын ветосуна байланыштуу НАТО шашылыш жыйын чакырды. НАТОнун Генералдык секретары Жорж Робертсонондун сөзүнчө, аскерий пландан чыккан талаш-тартыш “өтө олуттуу”:
- Бул албетте өтө татаал жагдай, бирок альянста буга чейин да кара-каршылыктар болгон жана келечекте дагы көп болору күмөнсүз. Маселе бир мунага келүүдө жана биз бир пикирге келерибизге мен ишенем.
Ж. Робертсондун билдиришинче, уюмдун мүчөлөрүнүн каршылыгына карабай, аскерий план бүгүндөн тартып даярдала башталат.
АКШнын НАТОдогу элчиси Николас Бернс НАТОго мүчө үч өлкөнүн Түркияны коргоо планына каршы чыгуусун “өз ара ишенимдин кризиси” деп баалады.
НАТО мүчөлөрү арасындагы келишпөөчүлүк, Түркиянын тышкы иштер министри Яшар Якыштын сөзүнчө, принципиалдуу эмес, убактылуу мааниге ээ.

XS
SM
MD
LG