Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:19

2-февралдагы референдум АКШнын өкүнүчүн жаратты


«Кыргызстандын Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү талкуулоого убакыттын аз бөлүнгөндүгүнө карабай 2-февралда кыргыз өкмөтүнүн референдум өткөрүүсү АКШнын өкүнүчүн жаратты»- деп билдирген Американын дипломаты Дуглас Дэвидсон 6-февралда ЕККУнун туруктуу кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө. Андан сырткары «көз карандысыз байкоочулардын добуш берүүнүн тууралыгы жана обьективдүүлүгү жөнүндө маалыматы бизди тынчсыздандырат» деген элчи, «ал маалыматтарда айтылган көптөгөн мыйзам бузуулар коомчулуктун Конституцияга ишенимин жоготуп, азыркы өкмөттүн мандатына күмөн санатат»- деп белгилеген. Дуглас Дэвидсон кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясынын эл аралык стандартка туура келишин Венеция комиссиясында экспертизадан өткөрүүнү кыргыз өкмөтүнө сунуштаган.

XS
SM
MD
LG