11-февралда Зуль-Хиджа айынын 10- күнүндө дүйнө жүзүндөгү бир миллиарддан ашык ислам дининдеги мусулмандар катарында Бишкек шаарынын 30 миңге жакын тургундары эски өкмөт аянтында курман айтнамазын окушту. Аларды Кыргызстан мусулмандар муфтийи Муратаалы ажы Жуманов куттуктады:
- Мусулмандардын ыйык майрамында зыярат кылып сыйынган, сооп кылган кишилерге Алла таала күнөөлөрүн кечирип жакшылык ыроолойт. Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери динге эркиндик берилип, ислам динин туткандардын саны көбөйүүдө. Унутулуп бараткан диний каада-салттарыбыз калыбына келүүдө.
АКШнын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Джон О’ Kиф :
- Сиздерди Америкадагы мусулмандардын атынан жана өзүмдүн атымдан бүгүнкү улуу майрамыңар менен чын жүрөктөн куттуктайм.Ар дайым Кыргызстандын асманы ачык болуп,бакубат бейпил жашооңорду кудайдан тилейм.
Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Музафар Эрөктөм буларга токтолду:
- Бүгүнкү кудайдын улуу күнүндө колунда бар мусулман соопчулук үчүн кайрымдуулук иштерин кудай жолунда аткарышы милдет. Бири бирибизге кайрымдуу, боорукер бололу. Ыйман болсо заман оңолот.
Каалоо-тилектер айтылгандан кийин Курман айттын урматына айтнамаз окулду.
Намазга келгендер жакшылык тилеп, бири-бирин куттукташты. Курман айт Кыргызстанда кандай белгиленип жатканы тууралуу Бишкек шаарынын тургуну Тынай уулу Эсенжан аксакал буларга токтолду:
- Кудайдын улуу күнүнө карата мусулмандар үй ичин тазалап, жыт чыгарып дасторкон жайышат. Бирок кээ бир кыргыз жарандары бул ыйык күнгө маани бербегендери да бар.
Пакистандан келген Кыргыз медициналык академиясынын студенти Али Фархад:
- Бардык мусулмандар ушул жерде жолугуп атканыбыздын өзү эле ыйманга чакырып атпайбы. Пакистанда Курман айт майрамы аябай шаңдуу өтүп, жүздөрүнөн күлкү чачкан бактылуу мусулмандарды көрөсүз,ал эми бул жакта коомчулук көп маани бербейт экен, майрамдык маанай анча сезилбейт.