Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:47

ОШ ОБЛУСУНДА БАҢГИЧИЛИККЕ ЖАНА ВИЧ-ИНФЕКЦИЯСЫНА КАРШЫ АРАКЕТТЕР


Кожогелди Култегин, Ош Ош облусттук баңгичиликке жана вич-инфекциясына каршы күрөш күчөтүлдү. Бирок, андан абал жакшырып кеткен жок.

- Тыныбек Абакирович, орустарда «дьявольская цифра» деген бир түшүнүк бар. Жаман жагдайлар дагы, таң калыштуу окшош эсептер. Мына СПИД илдетин пайда кылчу вич-инфекциясын Ош облусунда 2001-жылы дагы, 2002-жылы дагы туптуура 88ден адам жуктуруптур. Бул илдетке чалдыккандар республика боюнча 362 адам болсо, туптуура тең жарымы 181 адам Ош облусунда экен. Бул жагдайдагы азыркы абалга кандай баа бересиз?

- Айрыкча вич-инфекцияга чалдыккандар негизинен Ош шаарында жана Карасуу районунда катталып атат. Ош шаары боюнча алардын саны 118ге жетип атат, Карасуу районунда 54кө жетип отурат. Негизи вич-инфекцияга чалдыккандар мурункудай эле наркотикалык заттарды ийне аркылуу колдогондордун арасында кездешип атат. Алардын ичинен эки гана адам вич-инфекцияга жыныстык жолу менен чалдыккан. Эң бизди ойлондурган нерсе вич-инфекцияга чалдыккандардын арасында, өлүмгө дуушар болгондор. Бүгүнкү күндө облус боюнча катталгандардын ичинен 6 адам набыт болду. Бүгүнкү күндө Ош шаарында наркоманияга чалдыгып, учетко алынгандардын саны 1064 болсо, а чыныгы алардын саны облус боюнча 10 миңден ашат. Көпчүлүгү ийне алмаштырган пункттарыбызды жактырбай атат. «Биз наркомандарды азайта албай атсак, силер кайра аларга жардам берип ийнелерин алмаштырып берип атасыңар» деген ойлорду айтып атышат. Бул чындыгында туура эмес. Эгерде биз ийнени алмаштырып бербесек, алардын вич-инфекцияга кабылдануу коркунучу кескин жогорулап кетүүдө.

- Вич-инфекциясын жуктургандар Ош облусунда түрдүү үй-бүлөдөгү адамдарбы?

- Ош шаарында бир эле үй-бүлөдөн 3 ага-инилер вич-инфекцияга чалдыккан. Ал эми 4 үй-бүлөдө экиден ага-ини, бир үй-бүлөдө аялы жыныстык жолу менен жуктуруп алган. Ушундай эле Карасуу районунда эки үй-бүлөдө экиден ага-ини, бир үй-бүлөдө аял, эркек вич-инфекцияга чалдыккандар кездешип атат. Бул нерсе токтобой турган нерсе деп ойлойм.

- Эми наркомандардын социалдык абалдарынан түшүнүк берсеңиз?

- Былтыркы жылы Ош шаарынан 186 наркотикалык зат колдонуучу учетко алынса, алардын 167 эч жерде иштебеген жаштар.

- Мурдараак сиздердин штаб шаар башчылары, район башчылары менен иштешип атты эле. Азыр айыл өкмөт башчыларына чейин милдет жүктөп атыпсыздар?

- Жакындан иш жүргүзүү максатында аймактын комитеттер, айыл өкмөттөрүн ишке тартып атабыз. Карасууда Кашкар кыштак, Кызыл кыштак, Шак айыл өкмөттөрүндө ондон, он төрттөн вич-инфекциясына чалдыккандар бар.

- Ошто мектеп окуучуларынан бери баңгичиликке тартылып атыптыр дегендин чындыгы канчалык?

- Чындыгында Ош шаарында мектеп окуучуларынын арасында катталгандары бар. Ал жашыруун эмес. Бүгүнкү күндө биз ошолордун арасында вич-инфекциясына чалдыгып калбасын деп мектептерде 20 сааттык атайын сергек жашоо образын үгүттөө максатында сабак өткөрүп жатабыз.

- Эки адам вич-инфекциясын жыныстык катнаш учурунда жуктуруган дебедиңизби. Ушул жыныстык катнаш аркылуу инфекциянын таралуу коркунучу канча?

- Вич-инфекцияга чалдыккандардын 70% жыныстык катнашта толук кандуу жашап атышат. Бул вич-инфекциянын жыныстык жол менен таркатууга коркунуч бар дегенди билдирет.

XS
SM
MD
LG