Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:32

КЫРГЫЗ-КАЗАК ЧЕК АРАСЫНДАГЫ ТОСКООЛДОР


Машакбай Рахманкул уулу, Талас Соңку айларда Казакстандын чек ара көзөмөл постторунда кыргызстандык жарандардын паспортторун текшерүү машакаты узак түйшүккө айланууда. Жагдайды баяндап таластыктар үч ирет президент Аскар Акаевге кайрылышты, бирок көйгөй али чечиле элек.

Жакынкы бир нече айдан бери Талас, Чүй облустары менен чектешкен Казакстандын Жамбул, Чалдыбар чек ара постторунда паспорт текшерүүдө жаңы эреже колдонула баштады. Кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү күчөтүү, деген себеп менен ар бир жүргүнчүнүн паспорттук маалыматтарын компьютерге салуу аракети көрүлө баштады. Ошол максатта 40 жүргүнчүсү бар автобусту бир жарым, эки саатка чейин кармап турушат. Күтүүдөн тажаган жүргүнчүлөр ар бир паспорттун ичине 5-10 сомдон акча салып беришсе, автомашинасы ошол замат коё берилет. Мындан тышкары түнкү саат 12ден таңкы 6га чейин Жамбулдан да, Чалдыбар постунан да бир дагы жеңил автомашина Кыргызстанга өткөрүлбөйт.

Казакстандык чек арачылардын бул жаңы эрежелери биринчи кезекте Талас элинин Бишкекке каттоодогу буга чейинки тартып келген кыйынчылыктарына кошул-ташыл болуп элдин нааразычылыгын жаратууда. Түбөлүк достукта жашайбыз деген кошуна казак туугандардын мындай кыйноолору туурасында президент Аскар Акаевге дубан эли үч жолу кайрылган. Маселе биринчи жолу президентке 24-декабрда улуттук телекөрсөтүүгө түз эфирге чыкканда коюлган. Ушул эле суроо эки күндөн кийин президент Таласка келгенде кайталанган, ушул жылдын 25-январында президентке таластыктар үчүнчү ирет кайрылышкан.

3 жолу берилген суроого президент Аскар Акаев «Кыргыз, казак мамилелеринде өкмөттөр аралык деңгээлде олуттуу кыйынчылыктар жок, бул маселени облустук жетекчилик чечип койсо болот» деген мааниде ортозаар жооп узарткан. Президент Аскар Акаевге бир эмес, үч жолу берилген суроо кандай чечилип жатат деген суроо менен областтык администрациянын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы Акылбек Жакшымбетовго кайрылганыбызда, ал бул маселе боюнча азырынча облустук деңгээлде сүйлөшүүлөр боло электигин билдирди.

Элдин жашоосу токтобойт. Жүргүнчүлөрдү ташуучу Таластагы «Биримдик» акционердик коомунан алынган маалыматка караганда, Таластан Бишкекке жана Бишкектен Таласка карай бир күндө 22 автобус каттайт, 12 ирет кичи автобус жүрөт. Буга кошулуп жүзгө жакын жеңил машина, маршруттук такси, менчик автобустар сапарга чыгат. Натыйжада күнүнө миңге жакын жүргүнчү жол азабын тартып, Казакстан аркылуу өтөт.

Талас – Бишкек маршруту боюнча такай каттаган айдоочу Мирлан Тагайбаев мындай дейт:

- Талас – Бишкекке каттайм. Казактар көңүлүнө жараша мамиле кылат, көңүлүнө жакпасаң бир саат кармайт, көңүлүнө жаксаң компьютерге да салбайт жөн эле өткөрүп жиберет.

Чек ара постторундагы казакстандык кызматкерлердин орой мамилелерин өз башынан өткөргөн Баян Райымбекова бир болгон окуяны мындайча эскерди:

- Биздин кезек жеткенде экөө менен айтыша кеттик «эми силер кетпейсиңер, бүт баары кеткенден кийин силер кетесиңер», деп коюшту. Бири-бирин сөгүп, бир кезде беш-алты аскер жабылып туруп алып кетишти. Ошону менен 3 саат кармады. Анан 2 жарым миң теңге бересиң деп туруп жиберди.

Экинчи бир айдоочу Абдылда Аманкулов түнкү он экиден таңкы алтыга чейинки өткөрбөй жаткан көйгөй туурасында оюн минтип билдирди:

- Бизге азыр түнкү рейс керек. Күндүз эл деле жок. Өткөндө кетип баратып түнөп калдык эл менен. Күндүн суугу болсо укмуш. Эл мени тытып жеп койду.

Бул кыйынчылыктарды алдын-ала чечүү үчүн жүргүнчүлөрдү ташууучу «Биримдик» коомунун жетекчилигинин аракетин казак тарап таназарга албаганын автобазанын эксплуатация бөлүмүнүн начальниги Байсары Мусуралиев төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Автобустун шоферлору 1-январдан баштап Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек арада түнкү саат 12ден эртең мененки саат алтыга чейин өткөрбөйбүз деген сөздөр угулгандан кийин мен, Таластагы автовокзал, автостанция бирикменин начальниги Курманалиев Равкат менен Жамбулдагы чек арага бардык. Ошол жерде Козлов Юрий деген чек аранын командири бар экен. Ал кишиге барсак, ал айтты, «1-январдан баштап ар бир өтүп аткан жарандын паспортун компьютерде каттап өткөрөбүз. Буга кеминде 3 мүнөт кетет экен. Бир автобуста 30 киши болсо 90 мүнөт кетет. Бир автобус өтүш үчүн бир жарым саат. Төрт- беш автобус чогулса эки, үч саатка чейин туруп калып атканы ошондон. Биздин автобустардын графиги бузулуп, элдердин ортосунда нааразычылык ушундан улам чыгып атат».

XS
SM
MD
LG