Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:22

Грузин парламентинде депуттар арасында тинтүү жүргүзүлдү


Парламенттин төрагасы Нино Буржанадзенин сөзү боюнча, бул чара менен эл өкүлдөрү жана алардын жеке кароолу курал-жарагын сактоо жайына тапшыргандан кийин гана парламентке кирүүгө уруксат берген эски мыйзамды ишке ашыруу башталды.
Өткөн жылы каршылаш франкциялардын өкүлдөрү парламент залында жакалаша кетип, бир депутат экинчисин башка койгон эле. Бул окуяны депутат Георгий Таргамадзе "биз салкын кандуу эл эмеспиз, саясий талкууда кармана албай калабыз" деп комментарийлеген.
Парламенттин маалымат катчысынын айтымында, Грузияда депутаттардын үчтөн бири жанына курал алып жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG