Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

Владимир Путинди Франциянын Бордө шаары чечен согушуна каршы демонстрация менен тосуп алды


Бордө шаарында Путин шаар акими Алан Жүпе менен сүйлөшүү жүргүзгөн имараттын алдында 800дөй киши чогулуп, Орусиянын Чеченстандагы согушуна каршы демонстрация өткөрүштү.
Сүйлөшүүдө Алан Жүпе чечен жаңжалын тынчтык жол менен чечүүгө чакырды.
Путин кечээ француз сыналгысынан ал-Каида террористтик тобу Чеченстанда аракеттенип жатат деп ырастаган эле.
Бүгүн Путин Бордөнүн сыртындагы атактуу шарап жасоочу ишканада болуп, кечинде Маскөөгө кайтып кетет.

XS
SM
MD
LG