Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:59

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БАҢГИЗАТТАРДЫН КЕСЕПЕТТЕРИ


Соңку мезгилде Кыргызстанда баңгизаттардын кесепетинен жасалган кылмыштар көбөйдү. Муну баңги оорусуна чалдыккандардын санынын күн өткөн сайын өсүп баратканы да бышыктап турат.

Кыргызстанда ар бир онунчу кылмыш баңгибизнесинин кесепетинен жасалууда. Акыркы мисал: 8-февралда Ош облусунун жака-белинен ири өлчөмдөгү героинди Орусияга алып бараткан кылмышкер кармалды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Чыныбек Алиевдин маалыматына караганда, бул жолку чабарман Орусиянын Самара облусунун Жигулев шаарынын тургуну, 31 жаштагы Алексей Самалюк экен.

- 8-февралда Орусиянын жараны Алексей Самалюк 8 килограмм 400 грамм героинди «Мерседес-Бенц» автоунаасында тымызын ташып баратканда биздин кызматкерлердин кылтагына илинди. Жергиликтүү күч органдары тарабынан бул кылмышкер мурдатан эле кароолго алынган болчу, ишибиз оңунан чыгып, анын кармалганы жакшы болду. Азыр Самалюктун шериктери изделип жатат, - дейт Алиев.

Ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Өмүрбек Эгембердиевдин айтымына караганда, баңгизаттарды соодалаган кылмыштуу топторго каршы күрөштүн абалы республикада оор бойдон калууда. Өмүрбек Эгембердиев 8-февралда өткөн Ички иштер министрлигинин жыйынында милиция кызматкерлеринин алдына бул жылы баңгизаттарды ташып, сатууну токтотуу боюнча күрөштү күчөтүү тапшырмасы коюлгандыгын айтат.

- Бизди бүгүнкү күндө кооптондуруп жаткан маселелердин бири – бангизаттарга каршы күрөштүн ойдогудай болбой жатканы. Ооганстандан ташылып чыгып жаткан баңгизаттар Кыргызстандын аймагы аркылуу да өтүп, биздин тынчыбызды алууда. Ошол себептен кылмышкерлерди баңгизаттарды ташып бараткан жеринен изин суутпай кармоо иштерине өзгөчө көңүл бурулганы калды. Мына ушул жаатында кетирген кемчиликтери үчүн Ош жана Жалалабад облустарынын ички иштер башкармалыктарынын баңгиликке каршы күрөш боюнча бөлүмдөрүнүн башчылары кызматтарынан алынды, - деди Эгембердиев.

Тажикстан Республикасынын баңгизаттарга каршы күрөш башкармалыгынын маалыматына караганда, Ооганстандын Тажикстан менен чектеш аймактарында апийимден героин жасоочу 60тан ашуун лабораториялар иштөөдө. Бириккен Улуттар Уюмунун талдоочуларынын эсебинде болсо, 2002-жылы Ооганстанда акыркы жылдары болуп көрбөгөндөй өлчөмдөгү апийимдин түшүмү алынып, анын өлчөмү 8 миң тоннага чыккан. Ооган баңгизаттарынын 65% Борбордук Азия мамлекеттеринин аймагы аркылуу өтүүдө. Бул маалыматтарды ички иштер министри Бакирдин Субанбеков 8-февралда өткөн министрликтин жыйынында айтты.

Эл аралык кылмыш топторунун олжосунун бир бөлүгү Кыргызстанда калып жатканын, анын айынан баңгиликке берилгендердин саны жыл сайын өсүп баратканын дарыгерлер да айтышууда. Саламаттык сактоо министрлигинин башкы наркологу, Баңгиликти дарылоо боюнча республикалык борбордун жетекчиси Тынчтыкбек Асановдун маалыматы боюнча, 1991-жылга караганда баңгиликке чалдыгып, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган оорулуулардын саны азыркы тапта төрт эсеге көбөйдү.

- 1991-жылга салыштырганда оорулуу катары каттоодо тургандардын саны төрт эсеге көбөйдү. Азыр 5500 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Эгерде мурда жыл сайын 50-60 адам каттоого алынып келсе, акыркы убактарда баңгиликке жеңдиргендердин катары ар жыл сайын 500-600 адамга көбөйүүдө. Бул деле реалдуу көрсөткүч эмес экен, биздин болжолдо мындай адамдардын саны 16-20 эсе көп, – дейт Тынчтыкбек Асанов. Анын сөзүнө караганда, баңгиликке жеңдирип, бирок дарыгерлердин каттоосуна алынбаган оорулуулардын саны Кыргызстанда 80-100 миңдин айланасында.

- Муну Бириккен Улуттар Уюмунун адистери менен биргелешип жасаган изилдөөлөрүбүз көрсөттү. Баңгиликке жеңдиргендердин чыныгы саны 100 миңдин айланасында экен. Биздин катоодо болсо, азыр айтып өттүм, 5500 эле адам бар, - дейт Асанов.

Беш жарым миң оорулуунун жарымы түрмөлөрдө отурушат. Ал эми калгандарынын эки жүздөйү гана дарыгерлерге кайрылат. Бирок казынадан бөлүнгөн акча аларды дарылоого да жетпейт. Тынчтыкбек Асановдун айтымында, баңгиликке жеңдиргендерди метадон дарысын берип, сакайтуу саамалыгы КМШ мамлекеттеринин арасынан Кыргызстанда алгачкы болуп киргизилген.

- Кыргызстанда ВИЧ-инфекция жугузгандардын 80% баңгизатты ийне аркылуу кабыл алгандар экен. Метадон менен баңгилерди дарылоонун биринчи максаты - аларды мыйзамсыз сатылып жаткан героинден алыстатуу. Экинчиден, жугуштуу ооруларды ийне аркылуу таратуунун санын кыскартууну да көздөп жатабыз. Себеби, ийне сайынбай калгандан тартып СПИД оорусунун тароо коркунучу азаят эмеспи, - деп сөзүн жыйынтыктады Тынчтыкбек Асанов.

XS
SM
MD
LG