Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:51

Бишкекке АКШнын конгрессмендери келишет


БИШКЕК. 14-февралдын түнүндө Кыргызстанга АКШ Конгрессинин делегациясынын келиши күтүлүүдө. Делегацияны Конгресстин Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Майкл Коллинз жетектеп келет. Курамына беш конгрессмен жана Конгресстин жооптуу беш кызматкери кирген бул расмий делегация 15-февралда «Манас» аба майданында жайгашкан антитеррордук күчтөрдүн Ганси авиабазасынын жагдайы менен таанышат. Ушул эле күнү конгрессмендер президент Аскар Акаев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык, аймактык коопсуздук маселелерин талкуулашат. Бул тууралуу жума күнү Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

XS
SM
MD
LG