Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:24

РЕФЕРЕНДУМ ӨТТҮ, ТАЛАШЫ БАСЫЛА ЭЛЕК


Жакында Кыргызстанда болуп өткөн конституциялык референдумдун жыйынтыктары дале болсо кыргыз басма сөзүнүн негизги темасы бойдон калууда.

“Моя столица” гезити бейшемби күнкү санында “Кошмо Штаттардын көңүлү сууду» деген аталышта АКШнын ЕККУдагы элчиси Дуглас Дэвидсондун, Европа Биримдигинин билдирүүсүн жарыялады. Кошмо Штаттардын элчиси Кыргызстандын жаңыланган Конституциясын Венеция комиссиясынын экспертизасына коюп, анын эл аралык стандарттарга шайкештигин текшертүү зарылдыгын айткан.

Референдумга шайлоочулардын арбын катышканы кыйла түкшүмөл суроолорду жаратаарын, элдин көбү тиричиликтин айынан жер которуп чет жерде жүргөндөрдүн санын азайтып көрсөтүүнүн чоо-жайына Вячеслав Тимирбаев “Ишенимден ажыроо – бийликтин кризиси” деген макаласында токтолгон. Автордун маалымдашынча, чет жерде иштеп жүрүшкөн кыргызстандыктардын саны болжол менен 500000 кишиден ашат. Булардан сырткары республиканын ичинде турук албай айылдан шаарга көчүп келгендердин катары деле кыйла. Борбордук шайлоо комиссиясы референдум маалында чет жерде 19 000 жетпеген кыргызстандыктар жүргөнүн айтып, референдумга шайлоочулардын 86% ашууну катышканын билдирген.

Кошмо Штаттардын Улуттук демократиялык институтунун билдирүүсүнө жооп кылып Кыргызстандагы бир топ коомдук уюмдардын билдирүүсү “Самындын көбүгү” деген аталышта бейшембидеги “Слово Кыргызстана” гезитинде жарыяланды. Жооп каттын авторлору Улуттук демократия институтунун референдум тууралуу билдирүүсүн жарандык коомдун баркын түшүргөн пикир катары сыпатташкан. “Биз кыйла жылдардан бери мына ушул уюмдун ишине көз салып келатабыз,- деп жазышат биргелешкен билдирүүнүн авторлору.- Уюм кош стандарт саясатын орнотуп, жарандык коомдорду ичтен бөлүп-жаруу аракетин жасап, саясий окуяларга бир жактуу баа берип келатат”. Гезитте республикалык “СПИД” бирикмесинин жетекчиси Борис Шапиронун “СПИД доорунда кантип өлбөй жашоо керек?» деген маегине да орун берилген. Анын айтымында, такталбаган маалымат боюнча ушу тапта республикада 3,5 миңден ашуун ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алгандар бар.

Бейшембидеги “Вечерний Бишкек” гезитинде Данияр Каримовдун “Кимдер – ишке, кимдер – сыйга?” деген макаласы жарыяланды. Макала авторунун жазганы боюнча, чет өлкөгө барышкан оппозиция мүчөлөрү Кыргызстандагы саясий жагдайды өтөле коюулантып сүрөттөөсүнөн чочулаган бир топ инвесторлор республикага келүүдөн баш тартышкан. Ушу тапта парламенттин эки оппозициячыл депутаты четте жүрүшөт. «Кайгылуу күндү утурлап оппозиция Кыргызстанга кандай «белек» камдап атты экен?»,- деп жазат Данияр Каримов.

Республика калкы жабыла электр энергиясын уурдоочуларга каршы туруп, жарым жолдон жула качып кетчүлөрдү тыюуга кудурети жетсе электр энергиясына тарифтер көбөймөк турсун кайра азайышы мүмкүн экендиги Виктор Виноградовдун «Жылуулук-энергетика комплексинин жарыгы менен көлөкөсү» деген макаласында козголот.

Кыргыз өкмөтү ушу тапта референдум алдындагы убадалардын өтөлүнө чыгыш амалында салык түрүн көбөйтүп, дыйкандарга кошумча нарк салыгын киргизгенин бейшембидеги «Общественный рейтинг» гезити жазып чыкты. Андан түшкөн акча референдум алдында кыйла бөксөрө түшкөн бюджеттин кемтигин толтурмакчы. Сокулук районундагы «Рассвет» дыйкан чарбасынын жетекчиси Екатерина Быцконун пикири боюнча, кошумча нарк салыгын киргизүү айыл чарбасын жок кылат.

Жума күнү жарыкка чыгуучу «Аалам» гезитинде кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу макала басууга даярдалып атат. Макаланын автору Кубаныч Сейдалиев кыргыз-өзбек чек арасын аныктоочу теңата өкмөттүк комиссиянын башчысы Саламат Аламановго жолугуп, андан Шахимардан, Сох, Барак анклавдары кантип башка республиканын ичинде калышынын чоо-жайын сураган. Гезитте саясий-экономикалык теманы камтыган бир топ кабар, макалалар жарыяланмакчы.

«Агым» гезитинин жума күнкү санында АКШ-Ирак чатагы, ага байланыштуу Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчилигинин билдирүүсү жарыяланууда. Басылманын жооптуу катчысы Аскер Сакыбаеванын маалымдаганына караганда, «Агымдын» жаңы санында «Дордой» базарындагы жарылуудан жабыр тарткандардын азабы, Аксы трагедиясына байланыштуу айыпталган Абдимитал Калбаевдин маеги, кыргыз улутунун дүйнө таанымы жөнүндө Абдувахаб Мониевдин ой толгоосу жарык көрмөкчү.
XS
SM
MD
LG