Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:08

Президент Аскар Акаев Дүйнөлүк Банктын жаңы өкүлүн кабыл алды


БИШКЕК. 15-февралда президент Аскар Акаев Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы жаңы туруктуу өкүлү Жеймс Кристофер Лавлэйсти кабыл алды. Жолугушуу учурунда Кыргызстанга 2003-2006-жылдар аралыгында бериле турган жардамдардын стратегиясы талкууланды. Жардамдардын стратегиясы Комплекстүү өнүгүүнүн 2010-жылга чейинки программасын жана Жакырчылыкты кыскартуунун 2005-жылга чейинки улуттук стратегиясын көңүлгө алат. Бул тууралуу ушул эле күнү президенттин маалымат кызматы билдирди. Борбордук Азия өлкөлөрүндө адамды өнүктүрүү секторунун башкы менеджери Жеймс Кристофер Лавлэйс Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү катары өз ишин 2003-жылдын 1-январынан тартып аткара баштаган. Лавлэйс Дүйнөлүк Банкта өз ишин 1996-жылы баштап, бул кызматка келгенге чейин Европа жана Борбордук Азия аймагында адамды өнүктүрүү тармагын башкарып келген.

XS
SM
MD
LG