Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:01

Багдадда Ватикандын чабарманы Саддам Хусейн менен жолугушту


Бүгүн Багдадда Папа Иоанн Павелдин чабарманы, кардинал Роджер Иткегарай президент Саддам Хусейн менен кездешип, эки саатча маектешти. Француз кардиналы өзүнүн Багдаддагы сапарын тынчтыкты кепилдөө аракети катары баалады. Жолугушуудан кийин кардинал журналисттерге билдиргендей, Саддам менен баарлашуу учурунда ал тынчтыкты кепилдөө багытында бардыгы жасалышы керектигин, эл аралык деңгээлде ишеничке жеткенде гана Ирак дүйнөдөгү ордун кайра ээлеши мүмкүн экенин белгилеген. Кечээ Ирактын вице-премьери, дини боюнча христианин Тарек Азиз Ватиканда католиктердин лидери менен жолукканда, Иракка каршы согушка европалыктар катышса, анда мусулмандар бул согушту – христиандардын арабдар менен исламга каршы аракети катары бааларын эскерткен.

XS
SM
MD
LG